Жаңылыктар – Page 4 of 4 – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө
Казакстан Республикасында банк лицензиясынан ажыратылган учурда ордун толтуруу төлөмү кантип жүргүзүлөт?

Казакстан Республикасында банк лицензиясынан ажыратылган учурда ордун толтуруу төлөмү кантип жүргүзүлөт?

Өз аманаттарын банкка жайгаштырууда, аманатчы көп учурда өзүнө «Эгер кокустан бир нерсе болуп, банк лицензиясынан ажырап калсачы?», «Эгер ал банкрот болсо, менин акчамды ким жана кантип кайтарып берет?» деген сыяктуу суроолорду берет. Мындай суроолор аз эмес. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Казакстанда депозиттерди коргоо тутуму иштээрин эстен чыгарбоо маанилүү. Ал банкта камсыздандыруу учуру (лицензиядан ажыратуу) келип жеткенде топтолгон каражаттардын кайтарылышын камсыздайт. Бул процессти Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду (КДКБФ) жөнгө салат.

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров 2024-жылдын 8-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө» жана «Көйгөйлүү карыз алуучулардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Министрлер Кабинетинин токтомдоруна кол койду.

РФте аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүн эми онлайн алууга болот

РФте аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүн эми онлайн алууга болот

2024-жылдын 19-мартынан тарта аманат боюнча камсыздандыруу төлөмүн алууга арызды «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АКА) мамлекеттик корпорациясынын сайтында же Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталынын («Мамкызматтар») жардамы менен аралыктан берүүгө болот. Бул «Россия Федерациясынын банктарындагы аманаттарды камсыздандыруу жөнүндө» Федералдык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши менен мүмкүн болду.

Казакстан Республикасында төлөмдү алуу үчүн аманатчы кандай документтерди тапшырышы керек?

Казакстан Республикасында төлөмдү алуу үчүн аманатчы кандай документтерди тапшырышы керек?

Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду (КДКФ) өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт, ал депозиттерге кепилдик берүү системасына катышуучу банктардын (ислам банктарынан башка бардык казакстандык банктар) аманатчыларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт. Катышуучу-банк бардык банктык операцияларды жүргүзүү лицензиясынан ажыратылган учурда, КДКФ анын аманатчыларына мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөhнөттө кепилдик төлөмүн төлөп берет.

Банктык аманат же банктык эсеп келишимине кол коюудан мурун маанилүү шарттар жөнүндө билүү эмне үчүн маанилүү

Банктык аманат же банктык эсеп келишимине кол коюудан мурун маанилүү шарттар жөнүндө билүү эмне үчүн маанилүү

Бүгүнкү күндө каалаган жашы жеткен жаран экинчи деңгээлдеги банкта оңой эле салым жана/же эсеп ача алат. Ал эми акыркы жылдары бул процесс мобилдик банктык тиркемелердин жана интернет-банкингдин өнүгүшү менен кыйла жөнөкөйлөштү. Натыйжада, бир нече чыкылдатуу менен жана үйдөн чыкпастан, сиз банктын толук кандуу кардары болосуз. Белгилей кетчү нерсе, банктык аманат жана/же банктык эсеп келишимине онлайн режиминде кол коюу үчүн аманатчыдан аны менен таанышкандыгы тууралуу «белги» коюу гана талап кылынат.

«Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция  өттү

«Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция өттү

Москвада «Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция болуп өттү, аны «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АСВ) мамлекеттик корпорациясы уюштурду. Иш-чарага мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, банктык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, 20 өлкөдөн, анын ичинде ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнөн келген депозиттерди камсыздандыруучу уюмдар катышты.

Казакстан Республикасында депозит ачканда кепилдиктин суммасын билип алыңыз

Казакстан Республикасында депозит ачканда кепилдиктин суммасын билип алыңыз

Сиз билгендей, мыйзамдардын талаптарына ылайык, экинчи деңгээлдеги банктар өз кардарларын депозиттерге кепилдик берүү тутумуна катышуусу жөнүндө маалымдашат, ошондой эле банктык эсеп/аманат келишимин түзүүдө Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду тарабынан белгиленген форма аркылуу кепилдик төлөмүн төлөп берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө кабарлашат. Аны менен Казакстан фондунун сайтынан таанышууга болот.

«Беларусь Республикасындагы аманаттарды коргоо жөнүндө негизги маалымат» видеотасмасы

«Беларусь Республикасындагы аманаттарды коргоо жөнүндө негизги маалымат» видеотасмасы

Беларусь Республикасында жеке жактардын аманаттары, алардын суммасына, санына жана аманаттын валютасына карабастан, Улуттук банк тарабынан жеке жактардын акча каражаттарын банктык аманаттарга (депозиттерге) тартуу боюнча банктык операцияны жүзөгө ашырууга укук берген банктык ишти жүргүзүүгө атайын уруксатын (лицензиясын) толугу менен же мындай банктык операцияны жүзөгө ашыруу бөлүгүндө кайтарып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда жүз пайыздык өлчөмдө кайтарылып берилет.