Казакстан Республикасынын депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамдары – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Казакстан Республикасынын депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамдары

Казакстан Республикасынын 2006-жылдын 7-июлундагы № 169-III «Казакстан Республикасынын экинчи деңгээлдеги банктарында жайгаштырылган депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү жөнүндө» Мыйзамы

Мыйзам жеке жактардын, анын ичинде жеке ишкердик субъекттеринин – депозиторлордун укуктарын коргоого багытталган жана Казакстан Республикасынын экинчи деңгээлдеги банктарында (Казакстан Республикасынын банк-резидент эместеринин филиалдарында) жайгаштырылган депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү тутумунун иштөөсүнүн укуктук негиздерин, ислам банктарында (ислам банк-резидент эместеринин филиалдарында) жайгаштырылган талап боюнча төлөнүүчү пайызсыз депозиттерди жана инвестициялык депозиттерди кошпогондо, «Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду» АК түзүү жана иштөө тартибин, Казакстан Республикасынын экинчи деңгээлдеги банктарынын (Казакстан Республикасынын банк-резидент эместеринин филиалдарынын) депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү тутумуна катышуусун, ошондой эле тутумдун катышуучуларынын өз ара мамилелеринин башка маселелерин аныктайт.

Казакстан Республикасынын 1995-жылдын 31-августундагы № 2444 «Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» Мыйзамы

Казакстан Республикасынын банк тутумунун ишин аныктаган жана жөнгө салган негизги мыйзам. Мыйзам экинчи деңгээлдеги банктарды (Казакстан Республикасынын банк-резидент эместеринин филиалдарын) түзүү жана алардын банк ишин жүргүзүү, эсепке алуу жана отчеттуулукту берүү, аудиттен өтүү тартибин, ошондой эле аларды кайра уюштуруу жана жоюу тартибин регламенттейт. Мындан тышкары, Законом предусматриваются Мыйзамда финансылык туруктуулукту камсыз кылуу жана төлөөгө жөндөмсүз банктарды жөнгө салуу боюнча чаралар жана банктык кызматтарды керектөөчүлөрдү коргоо боюнча чаралар каралган. Атап айтканда, Мыйзамда Казакстан Республикасынын экинчи деңгээлдеги банктарынын депозиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо максатында депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү тутуму түзүлөрү аныкталган..