Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо жөнүндөгү мыйзамдары – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо жөнүндөгү мыйзамдары

Депозиттерди коргоо тутумунун укуктук базасы

Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо тутумун жөнгө салуунун жана уюштуруунун, ошондой эле Агенттиктин ишинин укуктук негизи – «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Ал жеке жактардын жана жеке ишкерлердин банктардагы, микрофинансылык компаниялардагы жана турак жай-сактык кредиттик компанияларындагы аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү коргоо тутумунун ишинин укуктук ченемдерин түзүүгө багытталган.

«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында депозиттерди коргоо тутумун түзүүнүн, администрациялоонун жана каржылоонун, Кыргыз Республикасынын көз карандысыз Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин түзүүнүн жана анын ишин жүргүзүүнүн укуктук негиздери аныкталат.

Жогоруда аталган Мыйзамдын ченемдерин ишке ашыруу максатында төмөнкүдөй мыйзам алдындагы ченемдик актылар иштейт:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-сентябрындагы № 567 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» Жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 токтому менен бекитилген «Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө» жобо
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 297 токтому менен бекитилген «Депозиттерди коргоо тутумунун катышуучу-банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине берилүүчү отчеттуулуктун формасы жөнүндө» нускама;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-ноябрындагы № 298 токтому менен бекитилген «Кепилдик учуру келгенде аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү үчүн агент-банктарды тандоо тартиби жөнүндө» жобо
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигине кредит берүү жөнүндө» жобо;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын 2022-жылдын 2-июнундагы № 2022-П-12/35-1-(НЧА) токтому менен бекитилген «Аманатчылардын алдында депозиттерди тарткан банктын, турак жай-сактык кредиттик компаниясынын, микрофинансылык компаниянын милдеттенмелери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүү боюнча нускама.

Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруу үчүн, Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 23-майындагы № 107 « «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы иштелип чыгып, кабыл алынган. Ал банктардын, МФК жана ТЖКК аманатчыларына депозит боюнча компенсациянын өлчөмүн 200 миң сомдон 1 миллион сомго чейин көбөйтүүнү караштырат.

Депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу жана проблемалуу карыз алуучулардын кайрылууларын кароо функцияларын жүктөө менен кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 14-декабрындагы № 207 « «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы иштелип чыгып, кабыл алынган, анда төмөнкүлөр каралат:

  • аманаттын аныктамасына ээлери жеке жактар жана жеке ишкерлер болуп саналган, банк тарабынан чыгарылган электрондук акчаларды киргизүү;
  • аманатчылар тарабынан компенсациялык төлөмдөрдү ыкчам алууну камсыз кылуу процесстерин өркүндөтүү максатында кепилдик учуру катары Улуттук банк тарабынан лицензияны кайтарып алуу аныкталган;
  • Агенттиктин ишин башкаруу тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизүү, коллегиялык аткаруучу орган түзүлгөн, ошондой эле тобокелдик-менеджмент, ички аудит жана корпоративдик катчы кызматтарынын Директорлор кеңешине баш ийүүсү каралган;
  • Агенттиктин ыйгарым укуктарына жана функцияларына банктарды жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюу, ошондой эле проблемалуу карыз алуучулардын кайрылууларын кароо киргизилген.

Банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компанияларынын аманатчыларынын аманаттарын (депозиттерин) милдеттүү коргоону уюштуруунун укуктук негиздерин түзүүдө, ошондой эле Агенттиктин ишинде Агенттиктин башкаруу органдары тарабынан чыгарылган жана кабыл алынган ички локалдык ченемдик укуктук актылар маанилүү роль ойнойт.

Агенттиктин эң маанилүү ички локалдык ченемдик укуктук актыларын өркүндөтүү максатында 2023-жылы Агенттиктин 49 ички ченемдик укуктук актыларынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына шайкештиги предметине инвентаризация жүргүзүлгөн.