ЕАЭБдин эл аралык келишимдери жана актылары – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

ЕАЭБдин эл аралык келишимдери жана актылары

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим

2014-жылдын 29-майында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отурумунун жүрүшүндө Беларусь, Казакстан жана Россиянын башчылары Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кол коюшкан. Кийинчерээк, 2014-жылдын 10-октябрында Келишимге Армения Республикасы, ал эми 2014-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасы кошулган. Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишим 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген.

Евразия экономикалык бирлиги эл аралык укук субъектисине ээ болгон региондук экономикалык интеграциянын эл аралык уюму болуп саналат. Келишимдин алкагында товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы, Келишимде жана ЕАЭБ алкагындагы эл аралык келишимдерде аныкталган экономиканын тармактарында координацияланган, макулдашылган же бирдиктүү саясатты жүргүзүү камсыз кылынат.

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге №17 Тиркеме (Финансылык кызмат көрсөтүүлөр боюнча протокол) ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен соода кылууга, ошондой эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдү уюштурууга жана (же) алардын ишине таасир этүүчү чараларына карата колдонулат. Документке ылайык банк секторунда мүчө-мамлекеттер өз иш-аракеттеринде мыкты эл аралык тажрыйбаны жана Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин натыйжалуу банктык көзөмөлдүн негиз салуучу принциптерин жетекчиликке алуу менен, кредиттик уюмдарды жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча талаптарды шайкеш келтиришет.

Евразия экономикалык бирлигинин жалпы финансы рыногун түзүүнүн концепциясы

Концепция 2019-жылы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимди ишке ашыруу максатында иштелип чыккан. Ал евразиялык интеграциянын ажырагыс бөлүгү болгон Евразия экономикалык бирлигинин жалпы финансы рыногун түзүүнүн максаттарын, принциптерин, этаптарын, критерийлерин жана негизги багыттарын аныктайт. Жалпы финансы рыногу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин компаниялары жана жарандары үчүн финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүнүн, сапатынын жана топтомунун деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле мүчө мамлекеттердин финансы секторунун өсүшүн жана натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу, бул рынокто атаандаштыкты өнүктүрүү максатында түзүлөт.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруу тутумдарын шайкеш келтирүү максатында кызматташуу жөнүндө меморандум
Меморандум Евразиялык бирлик жөнүндө келишимдин жоболорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн 2019-жылдын 27-февралында Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын ортосунда түзүлгөн.

Меморандумдун максаттары кызматташтыкты өнүктүрүү, маалымат алмашуу, эл аралык тажрыйбаны талдоо жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарынын иштешин башкарган уюмдардын консолидацияланган позициясын иштеп чыгуу, ошондой эле алардын ЕЭК, улуттук борбордук банктар, аткаруу бийлик органдары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин башка кызыкдар жактары жана уюмдары менен өз ара аракеттенүүсү болуп саналат