Жумушчу топ – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Жумушчу топ

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдардын маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Тегерек столдун 2022-жылдын 6-декабрындагы №1 Протоколуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын жетекчилеринин Кеңешинин алдында санариптештирүү, автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун биринчи отуруму 2023-жылдын 28-февралында видеоконференция форматында өткөн. 2023–2025-жылдар аралыгында 17 отурум болуп өтүп, 20 түрдүү тема каралды (2025-жылдын 10-декабрына карата).

Жумушчу топ ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдардын ишинде санариптештирүү, автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар багыты боюнча аналитикалык жана методологиялык иштерди жүргүзөт, өз ара аракеттенүүнү өнүктүрөт жана маалымат алмашууну камсыз кылат.

Вопросы, рассмотренные на заседаниях Рабочей группы


п/п
ТемаСтрана,
подготовившая доклад
Дата
рассмотрения
1.Интернет тармагына жеткиликтүүлүктү уюштурууРоссия Федерациясы28.02.2023
2.

Депозиттерди коргоо тутумуна карата маалыматтык коопсуздуктун учурдагы талаптары

Беларусь Республикасы14.06.2023
3.

Артыкчылыктуу жеткиликтүүлүктүн корголушун камсыздоо

Казакстан Республикасы14.06.2023
4.

Маалыматтардын агып кетишин алдын алуунун жана коркунучтардан коргоонун
эң натыйжалуу ыкмасы катары нөлдүк ишеним архитектурасы

Россия Федерациясы14.06.2023
5.

Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдардын
ишиндеги машиналык окутуу жана нейрон тармактар

Кыргыз Республикасы,
Россия Федерациясы
14.09.2023
6.Борбордук банктардын санариптик валюталары: пландар жана келечектериРоссия Федерациясы,
Беларусь Республикасы,
Казакстан Республикасы
14.09.2023
7.IT-процесстерди уюштуруу: милдетти коюудан аны ишке ашырууга чейинКазакстан Республикасы ,
Армения Республикасы,
14.09.2023
8.Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдун
адистештирилген программалык камсыздоосу: даяр чечимдер же жеке иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасы,
Россия Федерациясы
14.09.2023
9.Электрондук документ жүгүртүү: уюмдун ичинде жана контрагенттер мененРоссия Федерациясы,
Казакстан Республикасы ,
Кыргыз Республикасы,
20.03.2024
10.Электрондук документ жүгүртүү тутумунун милдеттерин ишке ашыруу
үчүн Tessa платформасын колдонуу
Россия Федерациясы17.04.2024
11.Кайтарым төлөмдү алууга онлайн арыз берүү куралдары, камсыздандыруу төлөмүн онлайн
төлөп берүү, аманатчы-арыз ээлерин идентификациялоо ыкмалары
Россия Федерациясы,
Армения Республикасы
26.06.2024
12.

Корпоративдик маалыматтар сактагычынын (КМС) архитектурасына карата ыкмалар,
аманаттарды камсыздандыруу боюнча уюмдун кардарлары жана кызмат көрсөтүүлөрүн
керектөөчүлөр менен санариптик коммуникациялардын бирдиктүү платформаларын пайдалануу

Россия Федерациясы14.08.2024
13.

Маалыматтарды башкаруу: MDM, кардардын санариптик профили, маалымат домендерин башкаруу

Россия Федерациясы14.08.2024
14.Банктын убактылуу администрациясынын иши, аны жоюу жана банкроттукка учуратуу
мезгилинде, ошондой эле иштеп жаткан банктарда маалыматтык кичи тутумдарды пайдалануу
Россия Федерациясы,
Казакстан Республикасы
23.10.2024
15.Электрондук кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо. Кызмат көрсөтүү деңгээлиКыргыз Республикасы,
Россия Федерациясы
19.02.2025
16.Кайтарым төлөмдү онлайн төлөөБеларусь Республикасы,
Россия Федерациясы
23.04.2025
17.

Депозиттерди камсыздандыруучунун ишиндеги жасалма интеллект технологиялары: алгачкы долбоорлор

Россия Федерациясы23.04.2025
18.Агенттиктердин максаттары үчүн банктардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн абалын талдоо,
тобокелдиктерди аныктоо жана баалоого арналган маалыматтык тутумдар (календардык
төгүмдөрдү төлөө, финансылык абалынын начарлоо ыктымалдыгын баалоо)
Беларусь Республикасы13.08.2025
19.Кадрдык иш жүргүзүүнү санариптештирүүРоссия Федерациясы21.10.2025
20.Депозиттерди камсыздандыруучуларды санариптештирүү темасы боюнча IADI/EFDI басылмалары.Армения Республикасы, Кыргыз Республикасы10.12.2025