Евразия экономикалык комиссиясы
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) – Евразия экономикалык бирлигинин туруктуу иштеген жөнгө салуучу органы болуп саналат. Евразия экономикалык комиссиясынын негизги максаты — ЕАЭБдин иштөө жана өнүгүү шарттарын камсыз кылуу, интеграцияны андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Азыркы учурда ЕЭКтин курамына беш өлкө кирет: Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы.
ЕЭК улуттар аралык башкаруу органы статусуна ээ жана өз ишинде өз чечимдерин кандайдыр бир улуттук өкмөттөрдүн кызыкчылыгы менен негиздебестен, жалпысынан евразиялык экономикалык интеграция долбооруна катышуучу-өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын жетекчиликке алат.
Комиссиянын чечимдери ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагында аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.