Россия Федерациясы – Page 3 of 3 – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө
ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму өттү

ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму өттү

2024-жылдын 26-июнунда видеоконференцбайланыш форматында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму болуп өттү. Жумушчу топтун жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиги» мамлекеттик корпорациясы (Россия Федерациясынын Агенттиги) жана Армениянын Аманаттардын ордун толтурууну кепилдөө фонду (Армения Республикасынын Фонду) онлайн арыз берүү жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө инструменттерин киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

РФ Агенттиги жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартибин жөнөкөйлөттү

РФ Агенттиги жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартибин жөнөкөйлөттү

2024-жылдын 4-июнунан тарта жоюлуп жаткан финансылык уюмдардын кредиторлору, карыз алуучулары жана аманатчылары «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АКА) мамлекеттик корпорациясына санариптик профилдин инфраструктурасын колдонуу менен онлайн кайрыла алышат. АКАнын сайты аркылуу кайрылуу берүүдө, аларга минималдуу маалыматты киргизүү керек болот жана инсандыгын тастыктаган документти тиркөөнүн кажети жок. «Мамлекеттик кызматтар» порталындагы маалыматтарды колдонууга АКАга уруксат берүү жетиштүү.

Минск шаарында 2024-жылдын 22-23-майында Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча эксперттик топтун отуруму өттү

Минск шаарында 2024-жылдын 22-23-майында Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча эксперттик топтун отуруму өттү

Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан чыңдоо жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун ишинин алкагында 2024-жылдын 22-23-майында Минск шаарында, Беларусь Республикасы, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү, анын уюштуруучусу Беларусь Республикасынын «Жеке жактардын банктык аманаттарынын (депозиттеринин) ордун толтурууну кепилдөө боюнча агенттик» мамлекеттик мекемеси болду.

РФте аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүн эми онлайн алууга болот

РФте аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүн эми онлайн алууга болот

2024-жылдын 19-мартынан тарта аманат боюнча камсыздандыруу төлөмүн алууга арызды «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АКА) мамлекеттик корпорациясынын сайтында же Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталынын («Мамкызматтар») жардамы менен аралыктан берүүгө болот. Бул «Россия Федерациясынын банктарындагы аманаттарды камсыздандыруу жөнүндө» Федералдык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши менен мүмкүн болду.

«Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция  өттү

«Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция өттү

Москвада «Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция болуп өттү, аны «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АСВ) мамлекеттик корпорациясы уюштурду. Иш-чарага мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, банктык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, 20 өлкөдөн, анын ичинде ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнөн келген депозиттерди камсыздандыруучу уюмдар катышты.