Казакстан Республикасы – Page 3 of 3 – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө
Банктык аманат же банктык эсеп келишимине кол коюудан мурун маанилүү шарттар жөнүндө билүү эмне үчүн маанилүү

Банктык аманат же банктык эсеп келишимине кол коюудан мурун маанилүү шарттар жөнүндө билүү эмне үчүн маанилүү

Бүгүнкү күндө каалаган жашы жеткен жаран экинчи деңгээлдеги банкта оңой эле салым жана/же эсеп ача алат. Ал эми акыркы жылдары бул процесс мобилдик банктык тиркемелердин жана интернет-банкингдин өнүгүшү менен кыйла жөнөкөйлөштү. Натыйжада, бир нече чыкылдатуу менен жана үйдөн чыкпастан, сиз банктын толук кандуу кардары болосуз. Белгилей кетчү нерсе, банктык аманат жана/же банктык эсеп келишимине онлайн режиминде кол коюу үчүн аманатчыдан аны менен таанышкандыгы тууралуу «белги» коюу гана талап кылынат.

«Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция  өттү

«Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция өттү

Москвада «Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция болуп өттү, аны «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АСВ) мамлекеттик корпорациясы уюштурду. Иш-чарага мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, банктык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, 20 өлкөдөн, анын ичинде ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнөн келген депозиттерди камсыздандыруучу уюмдар катышты.

Казакстан Республикасында депозит ачканда кепилдиктин суммасын билип алыңыз

Казакстан Республикасында депозит ачканда кепилдиктин суммасын билип алыңыз

Сиз билгендей, мыйзамдардын талаптарына ылайык, экинчи деңгээлдеги банктар өз кардарларын депозиттерге кепилдик берүү тутумуна катышуусу жөнүндө маалымдашат, ошондой эле банктык эсеп/аманат келишимин түзүүдө Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду тарабынан белгиленген форма аркылуу кепилдик төлөмүн төлөп берүүнүн мөөнөттөрү жана тартиби жөнүндө кабарлашат. Аны менен Казакстан фондунун сайтынан таанышууга болот.