IT тармагындагы кызматташтык жана дагы 5 рубрика
IT тармагындагы кызматташтык, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы
26.06.2024 саат 15:00
ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму өттү
2024-жылдын 26-июнунда видеоконференцбайланыш форматында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму болуп өттү. Жумушчу топтун жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиги» мамлекеттик корпорациясы (Россия Федерациясынын Агенттиги) жана Армениянын Аманаттардын ордун толтурууну кепилдөө фонду (Армения Республикасынын Фонду) онлайн арыз берүү жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө инструменттерин киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.