Мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана дагы 5 рубрика
Мыйзамдарды шайкеш келтирүү, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Россия Федерациясы
26.07.2024 саат 11:06
Россия Федерациясында 2024-жылдын 17-18-июлунда Эксперттик топтун жана Жетекчилер кеңешинин отурумдары өттү
2024-жылдын 17-18-июлунда Санкт-Петербург шаарында эл аралык иш-чаралардын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан чыңдоо жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) боюнча уюмдарынын Жетекчилер кеңешинин (мындан ары – Жетекчилер кеңеши) жыйындары болуп өттү.