Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду

Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду (КДКФ) 1999-жылдын 15-ноябрында өлкөдөгү финансылык туруктуулукту колдоо, экинчи деңгээлдеги банктардын аманатчыларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүлгөн. Фонд коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Анын жалгыз акционери КР Улуттук Банкы.

КДКФнын негизги милдеттери:

  • финансы тутумунун туруктуулугун камсыз кылууга катышуу;
  • депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү тутумуна катышуучу-банкты бардык банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясынан ажыраткан учурда депозиторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.

КДКФтин негизги функциялары:

  • катышуучу-банкты бардык банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясынан ажыраткан учурда аманатчыларга ордун толтурууну төлөп берет;
  • мыйзамда каралган учурда банктын активдерин жана милдеттенмелерин бир эле мезгилде башка банкка (банктарга) өткөрүп берүү боюнча операцияны жүргүзүүгө катышат;
  • атайын резервди түзөт;
  • активдерди инвестициялайт;
  • депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү тутумуна катышуучу-банктардын реестрин жүргүзөт;
  • агент-банктарга коюлуучу талаптарды белгилейт;
  • кепилдик ордун толтурууну төлөп берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн агент-банктардын алдын ала тизмесин бекитет;
  • депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү тутумуна катышуучу-банкты консервациялоо мезгилинде дайындалуучу убактылуу администрациянын курамына катышат;
  • банкты бардык банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясынан ажыратуу мезгилинде дайындалуучу убактылуу администрациянын курамына катышат;
  • жоюу комиссиясы тарабынан КДКБФ алдындагы карыз төлөнгөнгө (төлөнүп жаткан) кепилдик ордун толтуруунун суммасы боюнча карызды төлөгөнгө чейин мажбурлап жоюлуучу катышуучу-банктын (Казакстан Республикасынын резидент эмес банкынын филиалынын ишин мажбурлап токтоткон) жоюу комиссиясынын курамына катышат;
  • жоюу комиссиясы тарабынан КДКФ алдындагы карыз төлөнгөнгө (төлөнүп жаткан) кепилдик ордун толтуруунун суммасы боюнча карызды төлөгөнгө чейин мажбурлап жоюлуучу катышуучу-банктын (Казакстан Республикасынын резидент эмес банкынын филиалынын ишин мажбурлап токтоткон) кредиторлор комитетинин курамына катышат.

Казакстандагы Депозиттерге кепилдик берүү тутумунун катышуучулары

Бүгүнкү күндө Депозиттерге кепилдик берүү тутумуна ислам банктарынан тышкары, бардык казакстандык экинчи деңгээлдеги банктар катышат. Банк Фонд тарабынан ДКТ банктар-катышуучулар реестрине маалымат киргизилген күндөн тартып ДКТ катышуучусу болуп калат, тиешелүүлүгүнө жараша, жеке жактардын жана жеке ишкерлердин – депозиторлордун банк эсептеринде жайгаштырылган улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы каражаттары КДКФнын кепилдик объектиси болуп калат.

Кепилдик объекттери болуп жеке жактардын жана жеке ишкерлердин улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы,  депозиттерге милдеттүү кепилдик берүү тутумуна катышуучу-банктардагы банк эсептеринде турган жана банктык эсеп жана (же) аманат келишимдери менен, анын ичинде Казакстандын аймагында ачылган чет өлкөлүк банктардын филиалдарында да, күбөлөндүрүлгөн акча каражаттары саналат.

КДКФ кепилдиги төмөнкүлөргө жайылтылат:

  • аманаттар (депозиттер), анын ичинде талап боюнча жана шарттуу;
  • банк-катышуучуну бардык банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясынан ажыратуу датасына карата эсептелген аманаттар (депозиттер) боюнча сыйакылар;
  • учурдагы эсептердеги жана төлөм карталарындагы акчалар.

Банк-катышуучуну бардык банктык операцияларды жүргүзүүгө лицензиясынан ажыраткан учурда, банктык эсептин, картанын жана (же) депозиттин ээси ал боюнча (алар боюнча) кепилдик ордун толтурууну улуттук валютада максималдуу кепилдик ордун толтуруу суммасынын чегинде алууга укуктуу.

Кепилдиктин максималдуу суммасы:

  • улуттук валютадагы сактык аманаттары (депозиттер) боюнча 20 миллион теңге;
  • улуттук валютадагы карталар, эсептер жана башка депозиттер боюнча 10 миллион теңге;
  • чет өлкөлүк валютадагы карталар, эсептер жана депозиттер боюнча 5 миллион теңге (катышуучу-банкты лицензиясынан ажыратуу датасына карата белгиленген валюта алмаштыруу курсу боюнча эквивалентте).

Эгерде бир банк-катышуучулар бир нече, түрлөрү жана валютасы боюнча ар кандай депозиттер жайгаштырылса, анда бардык депозиттер боюнча сумманын жалпы калдыгы кепилденет, бирок максималдуу кепилдик ордун толтуруу суммасынан – 20 миллион теңгеден ашпашы керек, ар бир депозиттин түрү боюнча чектөөлөрдү эске алуу менен.