Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, анын мандаты, милдеттери жана функциялары жөнүндө
Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо тутуму кепилдик учуру келгенде банктардын, микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компанияларынын аманатчыларын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган суммада жана ыкмалар менен компенсацияларды берүү аркылуу коргоого, ошондой эле жалпысынан банк тутумунун туруктуулугуна көмөктөшүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги иштейт.
Агенттик – бул ыкчам башкаруу укугунда пайда табуу максатын көздөбөгөн, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» жобо менен белгиленген ыйгарым укуктарга, укуктарга жана милдеттерге ээ болгон көз карандысыз коммерциялык эмес уюм болуп саналган юридикалык жак. Агенттиктин көз карандысыздыгы чечимдерди кабыл алууда жана Агенттиктин бюджетин түзүүдө көз карандысыздыкты билдирет.
Агенттиктин укуктук абалы «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам) менен аныкталат.
Агенттиктин негизги милдети Кыргыз Республикасында депозиттерди коргоо тутумунун ишин камсыз кылуу болуп саналат. Бул милдетти аткаруу үчүн Агенттик Депозиттерди коргоо фондунун активдерин башкарат, кепилдик учуру келгенде аманатчыларга депозиттердин жана алар боюнча пайыздардын суммасын төлөп берет.
Агенттик өз милдеттерин ишке ашыруу максатында төмөнкү функцияларды аткарат:
- банктар-катышуучулардын, микрофинансылык компаниялар-катышуучулардын жана турак жай-сактык кредиттик компанияларынын катышуучулардын реестрлерин жүргүзөт;
- аманатчылардын талаптарын, төлөнүүгө тийиш болгон суммаларды жана депозиттер боюнча төлөнгөн компенсациялардын суммаларын эсепке алууну жүргүзөт;
- Мыйзамдын колдонулушуна кирген аманатчыларга Мыйзамда аныкталган сумманы төлөп берет;
- мүчөлүк акылардын өлчөмүн эсептейт жана Депозиттерди коргоо фондуна төгүмдөрдү чогултат;
- мүчөлүк акылардын өз убагында жана толук төлөнүшүн камсыз кылууга багытталган зарыл аракеттерди жүргүзөт;
- мүчөлүк акыларды өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн айып пулдарды жана туумдарды белгилейт жана салат;
- Депозиттерди коргоо фондунун активдерин Мыйзамда белгиленген тартипте жана чектерде башкарат;
- мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат;
- аманаттар боюнча компенсацияларды төлөп берүүнү камсыз кылуу максатында агент-банкты тандап алууну жүзөгө ашырат;
- Мыйзамга ылайык жоюлуп жаткан банктардан, микрофинансылык компаниялардан жана турак жай-сактык кредиттик компанияларынан депозиттерди коргоо фондуна төлөнгөн компенсациялардын ордун толтурууну камсыздайт;
- коомдун депозиттерди коргоо тутуму жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү анын иши жөнүндө жободо каралган, депозиттерди милдеттүү коргоо тутумунун натыйжалуу ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.
Агенттик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (Өкмөтүнүн) алгачкы аманатынын, депозиттерди коргоо тутумунун катышуучуларынын үзгүлтүксүз мүчөлүк акыларынын, Агенттик тарабынан алынган пайыздык жана инвестициялык кирешенин эсебинен түзүлүүчү Депозиттерди коргоо фондунун активдерин башкарат.
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык депозиттерди коргоо тутумуна катышуу бардык резидент-банктар, Кыргыз Республикасында жайгашкан чет өлкөлүк банктардын бардык филиалдары, ошондой эле депозиттерди кабыл алууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясына ээ болгон микрофинансылык компаниялар жана турак жай-сактык кредиттик компаниялары үчүн милдеттүү болуп саналат.