Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларынын эл аралык иш-чаралары – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Кыргыз Республикасындагы ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларынын эл аралык иш-чаралары

17.08.2026 саат 15:47

Кыргыз Республикасында, Ысык-Көлдө 2026-жылдын 12-13-августунда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучулары үчүн эл аралык иш-чаралар болуп өттү. Эл аралык иш-чаралар ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу уюмдарынын жетекчилеринин кеңешинин (мындан ары – Жетекчилер кеңеши), Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык чыңдоо жана кудуретсиздиги (банкроттугу) чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкештештирүү боюнча эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) жана Жетекчилер кеңешинин алдындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу тобунун (мындан ары – Жумушчу топ) отурумдарын өзүнө камтыды.

Жетекчилер кеңешинин отурумунун алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын депозиттерди камсыздандыруучуларынын жетекчилери банк секторундагы жана аманаттарды камсыздандыруу тутумдарындагы кырдаал тууралуу маалымат, ошондой эле 2026-2027-жылдары биргелешкен практикалык семинарларды уюштуруу жана өткөрүү пландары менен алмашышты.

Эксперттик топтун отурумунда депозиттерди камсыздандыруучулардын өкүлдөрү «Депозиттерди камсыздандыруу уюмдарына карата салык саясаты» параметри боюнча эксперттик корутундуну кайрадан талкуулашты, ошондой эле төмөнкү параметрлер боюнча эксперттик корутундулардын ревизияларын карап чыгышты:

  • «Банктын төлөөгө жөндөмсүздүгү жана аны банкрот деп таануу үчүн негиздер»;
  • «Убактылуу администрацияны дайындоо»;
  • «Банктын банкрот болушуна тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана бул процессте депозиттерди камсыздандыруучунун ролу».

Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө катышуучулар IT-секторундагы кадрдык тартыштыкты жеңүү тажрыйбасы менен бөлүшүштү, ошондой эле тегерек үстөл форматында депозиттерди камсыздандыруучулардын ишине жасалма интеллект технологияларын киргизүү келечегин талкуулашты.

Эл аралык иш-чараларга ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдүн депозиттерди камсыздандыруучуларынын жана улуттук банктарынын, Өзбекстан Республикасынын Аманаттарды кепилдөө боюнча агенттигинин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.