Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттигинин сайтында арбитраждык башкаруучулар үчүн электрондук сервис пайда болду – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттигинин сайтында арбитраждык башкаруучулар үчүн электрондук сервис пайда болду

07.07.2026 саат 17:13

«Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» мамлекеттик корпорациясы (АКА) өзүнүн расмий сайтында аманаттарды камсыздандыруу тутумуна кирбеген, жоюлуп жаткан кредиттик уюмдардын өзүнчө атайын эсебин ачуу үчүн сервисти ишке киргизди.

Атайын эсеп ушул кредиттик уюмдун кредиторлорунун талаптарын канааттандыруу үчүн гана каралган.

Мындай эсепти ачуу үчүн кредиттик уюмдун арбитраждык башкаруучусу төмөнкү документтерди милдеттүү түрдө тиркөө менен эркин формада онлайн арыз бере алат:

– арбитраждык башкаруучунун паспортунун барактарынын көчүрмөсү;

– арбитраждык башкаруучунун ыйгарым укуктарын ырастоочу документтин көчүрмөсү;

– арбитраждык соттун кредиттик уюмду кудуретсиз (банкрот) деп таануу жана конкурстук өндүрүштү ачуу (кудуретсиздик жөнүндө иштерде колдонулуучу жол-жоболордо арбитраждык башкаруучуну бекитүү) жөнүндө чечиминин көчүрмөсү.

Арызга кол коюу жана аны АКАнын расмий сайты аркылуу жөнөтүү үчүн арбитраждык башкаруучуга күчөтүлгөн квалификациялуу электрондук кол тамга керек болот.