Казань шаарында 2026-жылдагы ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Казань шаарында 2026-жылдагы ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу топтун экинчи отуруму болуп өттү

03.07.2026 саат 12:32

Россия Федерациясынын Казань шаарында 2026-жылдын 24-июнунда көзмө-көз форматында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун он тогузунчу отуруму болуп өттү.

Жыйындын катышуучулары милдеттенмелердин реестрлерин, кредиторлордун талаптарынын реестрлерин даярдоо, ошондой эле аларды текшерүү, тууралоо жана реестрдеги идентификациялык маалыматтарды актуалдаштыруу маселелерин талкуулашты. Бул чөйрөдөгү өз тажрыйбалары менен Беларусь Республикасынын Жеке жактардын банктык аманаттарын (депозиттерин) кепилдеп кайтаруу боюнча агенттигинин жана Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттигинин өкүлдөрү бөлүшүштү.

Мындан тышкары, Жумушчу топтун катышуучулары тегерек үстөл форматында депозиттерди камсыздандыруучулардын ишине жасалма интеллект технологияларын киргизүү келечегин талкуулоону улантышты.