Минск шаарында шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун отуруму болуп өттү
Минск шаарында, Беларусь Республикасы, 2026-жылдын 13-14-майында очном форматта Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетине караштуу ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды ликвидациялоо (жоюу), финансылык сакайтуу жана банкроттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) отуруму болуп өттү. Эксперттик топтун отурумунун уюштуруучусу катары “Жеке жактардын банктык аманаттарын (депозиттерин) кепилденген кайтаруу боюнча агенттиги” мамлекеттик мекемеси чыкты.
Отурумдун жүрүшүндө Эксперттик топтун мүчөлөрү Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетине караштуу финансы чөйрөсүндөгү ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери боюнча жумушчу топтун банк сектору боюнча подгруппасынын катышуучулары менен биргеликте калктын аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдик берүү) системаларынын иштешине карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча Макулдашылган сунуштардын долбоорун талкуулашты.
Мындан тышкары, отурумдун жүрүшүндө «Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарга карата салык саясаты» параметри боюнча Эксперттик корутунду баштапкы деңгээлде каралды жана төмөнкү параметрлер боюнча Эксперттик корутундулар бекитилди:
- «Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) уюмундагы процесстик башкаруу жана ички контролдоо системасы»;
- «Депозиттерди камсыздандыруучунун ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо системасы»;
- «Аманаттарды камсыздандыруу системасындагы тобокелдиктерди башкаруу, аманаттарды камсыздандыруу системасын стресс-тесттен өткөрүү».