2026-жылдагы ЕАЭБ депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү
Видеоконференция форматында 2026-жылдын 31-мартында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун он сегизинчи жыйыны өттү.
Жыйындын катышуучулары коомчулукка аманаттарды камсыздандыруу тутуму жөнүндө маалымдоо үчүн санариптик ыкмаларды жана инструменттерди колдонуу маселелерин талкуулашты. Бул жааттагы өз тажрыйбалары менен Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин жана Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттигинин өкүлдөрү бөлүшүштү.
Мындан тышкары, Жумушчу топтун катышуучулары Жумушчу топтун 2026-жылга карата Иш планын толуктап иштеп чыгышты жана кезектеги жыйындын күн тартибин талкуулашты.