2025-жылдын ноябрында шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун отурумдары өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

2025-жылдын ноябрында шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун отурумдары өттү

12.11.2025 саат 09:22

2025-жылдын 11 жана 12-ноябрында видеоконференция форматында Евразия экономикалык комиссиясынын Финансылык рыноктор боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан сауыктыруу жана банкроттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) кезектеги отурумдары болуп өттү.

Эксперттик топтун отурумунун жүрүшүндө ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу тутумдарына коюлуучу талаптар чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча Макулдашылган сунуштардын кириш бөлүгү жана жалпы түзүмү макулдашылды. Ошондой эле Эксперттик топтун катышуучулары 2026-жылга карата иш планын талкуулашты.