2025-жылдын 10-11-сентябрында Беларусь Республикасында Евразия аймагынын аманаттарды камсыздандыруучулары үчүн практикалык семинар болуп өттү
2025-жылдын 10-11-сентябрында Беларусь Республикасынын Улуттук банкынын Окуу борборунда Беларусь Республикасынын жеке жактардын банктык аманаттарын (депозиттерин) кепилдик боюнча агенттиги уюштурган семинарда Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн аманаттарды камсыздандыруу боюнча уюмдарынын өкүлдөрү аманатчылардын жана банктардын кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
Практикалык семинарда негизги баяндамалар угулуп, 3 панелдик сессия өткөрүлдү.
Негизги баяндамалар:
-
“Беларусь Республикасы үчүн тутумдук финансылык стресстин композиттик индикатору” (баяндамачы – Беларусь Республикасынын Улуттук банкы);
-
“Беларусь Республикасынын депозитинин камсыздандыруучусунун 2025-2030-жылдарга карата Өнүгүү стратегиясын ишке ашыруунун алкагында аналитикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүү” (баяндамачы – Беларусь Республикасынын жеке жактардын банктык аманаттарын (депозиттерин) кепилдик боюнча агенттиги).
1-сессиянын «Банктардын тобокелдиктерин баалоо жана банктардын депозиттерди камсыздандыруучулардын резервине төгүмдөрүн дифференциялоо боюнча аналитикалык ишмердүүлүк» алкагында төмөнкү өлкөлүк баяндамалар угулду:
-
«ДКАУнун сунуштамалары жана дифференцияланган төгүмдөр тутумун киргизүү жана колдонуу боюнча эл аралык тажрыйба” (баяндамачы – Армения Республикасынын аманаттардын ордун толтурууну кепилдөө фонду);
-
“Беларусь Республикасында колдонулуп жаткан банктардын тобокелдиктерин баалоо жана дифференцияланган ставкалардын негизинде календардык төгүмдөрдүн өлчөмүн эсептөө тутуму” (баяндамачы – Беларусь Республикасынын жеке жактардын банктык аманаттарын (депозиттерин) кепилдик боюнча агенттиги);
-
“Депозиттерди кепилдөө тутумуна банктардын дифференцияланган төгүмдөрү: тобокелдиктерди баалоо жана банктардын туруктуулугу” (баяндамачы – Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду);
-
“Катышуучу-банктардын тобокелдиктерин баалоонун негизинде дифференцияланган төгүмдөрдү эсептөө методикасын иштеп чыгуу” (баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги).
2-сессиянын «Камсыздандыруу учурларынын келип чыгуу ыктымалдыгын аныктоо максатында банктардын финансылык абалын баалоо. Банктарда кризистик кырдаалдар пайда болгондо чечимдерди кабыл алууну аналитикалык камсыздоо (ордун толтурууну төлөө менен банкроттукка учуроонун жана аманаттарды камсыздандыруучунун финансылык сауыктырууга/проблемалуу банкты жөнгө салууга катышуусу менен анын алдын алууга багытталган чараларды колдонуунун ортосунда тандоо)» алкагында төмөнкү өлкөлүк баяндамалар каралды:
-
«”Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду” АКнын P&A (Сатып алуу жана өткөрүп берүү) колдонуунун максатка ылайыктуулугун баалоого карата мамилеси” (баяндамачы – Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду);
-
“Россия Федерациясында камсыздандыруу учурларынын келип чыгуу ыктымалдыгын баалоо” (баяндамачы – «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиги» мамлекеттик корпорациясы, Россия Федерациясы).
3-сессиянын «Депозиттерди камсыздандыруучунун резервинин жетиштүүлүгүнүн аналитикасы, анын абалын стресс-тестирлөө, резервдин динамикасын жана ага банктын төгүмдөрүнүн таасирин божомолдоо» алкагында төмөнкү өлкөлүк баяндамалар угулду:
-
«АКАнын Милдеттүү аманаттарды камсыздандыруу фондунун каражаттарынын жетиштүүлүгүн баалоодогу тажрыйбасы” (баяндамачы – «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиги» мамлекеттик корпорациясы, Россия Федерациясы);
-
“Армения Республикасындагы милдеттүү төгүмдөр тутуму жана Фонддун резервди түзүүгө жана анын жетиштүүлүгүн аныктоого карата мамилеси” (баяндамачы – Армения Республикасынын аманаттардын ордун толтурууну кепилдөө фонду);
-
“Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиктердин резервдерин стресс-тестирлөө методикалары: эл аралык тажрыйба” (баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги);
-
“Беларусь Республикасынын депозиттерди камсыздандыруучусу тарабынан колдонулуучу календардык төгүмдөрдү божомолдоо методдору жана резервдин жана банктардын жалпы эсептик базасынын катышынын динамикасынын актуалдуу маселелери” (баяндамачы – Беларусь Республикасынын жеке жактардын банктык аманаттарын (депозиттерин) кепилдик боюнча агенттиги);
-
“Депозиттерди камсыздандыруу фондунун финансылык туруктуулугу: резервдин жетиштүүлүгү, стресс-тестирлөө жана динамиканын божомолу” (баяндамачы – Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду).
Семинарда ошондой эле Өзбекстан Республикасынын банктардагы жарандардын аманаттарын кепилдөө фондунун өкүлдөрү “Өзбекстандын аманаттарды кепилдөө тутуму” деген баяндамасы менен чыгып сүйлөштү.