РФте узак мөөнөттүү аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүнүн чеги жогорулатылды
3 жылдан ашык мөөнөткө кайтарылгыс аманат сертификаттары менен тастыкталган аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүнүн чектелген өлчөмү эки эсеге, 2,8 млн рублге чейин көбөйтүлдү.
«Россия Федерациясынын банктарындагы аманаттарды камсыздандыруу жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» тиешелүү № 347-ФM мыйзамына 2025-жылдын 31-июлунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин кол койду. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 90 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Мыйзамдагы өзгөртүүлөр жарандар үчүн узак мөөнөттүү аманаттардын жагымдуулугун жогорулатууга багытталган, ошондой эле экономикадагы артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоо үчүн зарыл болгон «узун» акчаларды банк секторуна тартууга өбөлгө түзөт.