ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун отуруму болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун отуруму болуп өттү

15.08.2025 саат 09:58

2025-жылдын 13-августунда видеоконференцбайланыш форматында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларынын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун он бешинчи отуруму болуп өттү.

Беларусь Республикасынын Депозиттерге кепилдик берүү боюнча агенттигинин өкүлдөрү Агенттиктин максаттары үчүн банктардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдоо, тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо тажрыйбасы менен бөлүштү. Мындан тышкары, Жумушчу топтун мүчөлөрү кийинки жыйындын күн тартибин талкуулап, аны 2025-жылдын 14-октябрында өткөрүүгө макулдашты.