Эксперттик топтун жыйыны 2025-жылдын 17-июлунда Дилижан шаарында болуп өттү
Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун ишинин алкагында 2025-жылдын 17-июлунда Армения Республикасынын Дилижан шаарында кезектеги отуруму болуп өттү. Аны Армениянын Аманаттардын ордун толтурууга кепилдик берүү фонду уюштурду.
Эксперттик топтун отурумунун алкагында төмөнкү маселелер талкууланды:
- «Аманаттарды камсыздандыруу тутумунда тобокелдиктерди башкаруу жана аманаттарды камсыздандыруу тутумун стресс-тесттен өткөрүү» жана депозиттерди камсыздандыруучунун ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо тутуму» эксперттик корутундусу (алгачкы кароо);
- «Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдагы процесстик башкаруу жана ички контролдоо тутуму» эксперттик корутундусу (алгачкы кароо);
- Калктын аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарынын иштешине карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар.
Иш-чарага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жана Өзбекстан Республикасынын депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын жана каржылык жөнгө салуучуларынын өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.