Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун жыйыны 2025-жылдын 19-июнунда болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун жыйыны 2025-жылдын 19-июнунда болуп өттү

19.06.2025 саат 15:35

2025-жылдын 19-июнунда Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) отуруму болуп өттү. Отурум видеоконференцбайланыш форматында өттү.

Эксперттик топтун отурумунун жүрүшүндө:

  • ЕАЭБдин Депозиттерди коргоо боюнча маалыматтык порталындагы жаңыртуулар сунушталды, аны андан ары маалымат менен толтуруу максатында жумушчу топ түзүлдү;
  • 2025-жылдын 17-18-июлунда Армения Республикасынын Дилижан шаарында өтүүчү Эксперттик топтун кезектеги жыйынынын күн тартиби талкууланды;
  • Калктын аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарынын иштешине карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча Макулдашылган сунуштарды (Сунуштама) даярдоонун алкагында ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөгү камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнө карата минималдуу талаптар боюнча сунуштамалар талкууланды.