Эксперттик топтун отуруму 2025-жылдын 21-22-майында Минск шаарында болуп өттү
Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун ишинин алкагында 2025-жылдын 21-22-майында Беларусь Республикасынын Минск шаарында кезектеги жыйын болуп өттү. Аны Беларусь Республикасынын Депозиттерге кепилдик берүү боюнча агенттиги уюштурду.
Эксперттик топтун отуруму алкагында:
- «Арызды онлайн жана арызсыз тартипте бергенде ордун толтурууну төлөө» параметри боюнча Эксперттик корутунду бекитилди;
- «Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдун мандаты» Эксперттик корутундусунун ревизиясы бекитилди;
- Калктын аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарынын иштешине карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча Макулдашылган сунуштар талкууланды.
Иш-чарага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын жана каржылык жөнгө салуучуларынын өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.