Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун отуруму 2025-жылдын 9-апрелинде болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун отуруму 2025-жылдын 9-апрелинде болуп өттү

09.04.2025 саат 16:10

2025-жылдын 9-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) жыйыны болуп өттү. Отурум видеоконференцбайланыш форматында өттү.

Эксперттик топтун отурумунун жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү ишке ашыруу, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстер жана жалпы каржы рыногун түзүү маселелери талкууланды. Катышуучулар «Арызды онлайн жана арызсыз тартипте бергенде ордун толтурууну төлөө» параметри боюнча Эксперттик корутундуну, ошондой эле калктын аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарынын иштешине карата Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча Макулдашылган сунуштарды талкуулоону улантышты.