Евразия аймагынын аманаттарды камсыздандыруучулары үчүн практикалык семинар 2025-жылдын 22-23-апрелинде Россия Федерациясында болуп өттү
Евразия аймагынын өлкөлөрүнөн келген аманаттарды камсыздандыруу боюнча уюмдардын өкүлдөрү 2025-жылдын 22-23-апрелинде Нижний Новгород шаарында «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги» (АКА) мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган семинарда аманатчылардын жана банктардын кредиторлорунун кызыкчылыктарын коргоо тажрыйбасы менен бөлүшүштү.
АКАнын башкы директору Андрей Мельниковдун айтымында, мындай семинарлар Евразия аймагынын депозиттерди камсыздандыруучуларынын практикалык тажрыйбаларын тереңдетип изилдөөгө өбөлгө түзөт.
«Төлөмдөрдүн ордун толтурууну уюштуруу, агент-банктарды тандоо жана депозиттерди камсыздандыруу тутумунун катышуучулары менен өз ара аракеттенүү боюнча талкууланып жаткан темалар – биздин өлкөлөрдө каржылык туруктуулукту камсыздоо жана аманатчылардын аманаттарын коргоо боюнча чечимдерди издөө жагынан эң актуалдуу жана келечектүү болуп саналат.»
АКАнын башкы директору, Андрей Мельников
Семинардын баяндамачылары жана угуучулары болуп Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Сербия Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын өкүлдөрү катышты.