Санариптештирүү боюнча Жумушчу топтун жыйыны 2025-жылдын 23-апрелинде Нижний Новгороддо болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Санариптештирүү боюнча Жумушчу топтун жыйыны 2025-жылдын 23-апрелинде Нижний Новгороддо болуп өттү

23.04.2025 саат 18:00

Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары — ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучуларынын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун ишинин алкагында 2025-жылдын 23-апрелинде Россия Федерациясынын Нижний Новгород шаарында он үчүнчү отурум болуп өттү. Аны «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги» (АКА) мамлекеттик корпорациясы уюштурду. Жыйынга ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу боюнча бардык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Камсыздандыруу төлөмүн онлайн-төлөө темасында Беларусь Республикасынын Депозиттерге кепилдик берүү боюнча агенттигинин жана Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу агенттигинин өкүлдөрү баяндама жасашты. АКАнын өкүлдөрү депозиттерди камсыздандыруучунун ишинде жасалма интеллект технологияларын колдонуу жөнүндө да айтып беришти.