2025-жылдын 19-февралында Бишкекте Эксперттик жана Жумушчу топтордун, ошондой эле Жетекчилер кеңешинин отурумдары болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

2025-жылдын 19-февралында Бишкекте Эксперттик жана Жумушчу топтордун, ошондой эле Жетекчилер кеңешинин отурумдары болуп өттү

03.02.2025 саат 16:55

2025-жылдын 19-февралында Бишкек шаарында (Кыргыз Республикасы) Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларынын эл аралык иш-чаралары, анын ичинде депозиттерди камсыздандыруучулардын Жетекчилер кеңешинин, шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун жана санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун жыйындары болуп өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы ЕАЭБдин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун ишинин алкагында 2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарында кезектеги жыйын болуп өттү, аны Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги уюштурду.

Эксперттик топтун жыйынынын алкагында күн тартибиндеги төмөнкү маселелер талкууланды:

  • «Банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарды каржылоо жана аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) фондун түзүүнүн булактары» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
  • «Депозиттерди (аманаттарды) камсыздандыруу (кепилдик берүү) фондунун каражаттарын инвестициялоо тартиби» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
  • «Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) фондунун каражаттарын пайдалануу багыттары» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
  • «Депозиттерди камсыздандыруучунун жоюлуп жаткан банкка карата талап кылуу укугу (каражаттарды өндүрүү)» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
  • «Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу боюнча уюмдун жана камсыздандырылган кредиторлордун – жеке жактардын талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
  • «Коомчулукка депозиттерди камсыздандыруу тутуму жөнүндө маалымдоо» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
  • «Арызды онлайн жана арызсыз тартипте бергенде ордун толтурууну төлөө» эксперттик корутундусу (алгачкы кароо);
  • Жалпы каржы рыногун жөнгө салуу үчүн сунуштама.

Ошондой эле ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучуларынын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун жыйыны болуп өттү. Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу агенттигинин адистери электрондук кызматтардын үзгүлтүксүздүгүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

Мындан тышкары, ЕАЭБ Бирлигине мүчө-мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу боюнча уюмдарынын жетекчилеринин Кеңешинин отуруму болуп өттү. Катышуучулар банк секторундагы жана камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарындагы кырдаал жөнүндө маалымат алмашып, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин каржы рыноктору чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелерин жана санариптештирүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун ишин талкуулашты, ошондой эле ЕАЭБдин Депозиттерди коргоо боюнча маалыматтык порталын жакшыртуу жөнүндө айтып беришти.

Иш-чараларга ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана Өзбекстан Республикасынын депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын жана каржылык жөнгө салуучуларынын өкүлдөрү, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.