Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун жыйыны 2025-жылдын 21-январында болуп өттү
2025-жылдын 21-январында Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) жыйыны болуп өттү. Жыйын видеоконференцбайланыш форматында өттү.
Эксперттик топтун жыйынынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү ишке ашыруу, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстер жана жалпы каржы рыногун түзүү маселелери талкууланды. «Жоюлуп жаткан банктын активдерин башкаруу жана аларды сатуу» параметри боюнча эксперттик корутунду жана Эксперттик топтун 2025-жылга карата Иш планы бекитилди. Мындан тышкары, катышуучулар «Терминдердин сөздүгү (глоссарий)» документин талкуулоону улантышты.