ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун он экинчи жыйыны болуп өттү
20.11.2024 саат 17:28
2024-жылдын 20-ноябрында видеоконференцбайланыш форматында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларынын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун он экинчи жыйыны болуп өттү.
Жумушчу топтун жыйынынын алкагында катышуучулар 2025-жылга карата Иш планын талкуулап, баяндамалар жана талкуулоо үчүн төмөнкү темаларды алдын ала бекитишти:
- электрондук кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо. Сервис деңгээли;
- ордун толтурууну онлайн-төлөө;
- депозиттерди камсыздандыруучунун ишинде ЖИ технологиялары: алгачкы долбоорлор;
- Агенттиктердин максаттары үчүн банктардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн абалын талдоо, тобокелдиктерди аныктоо жана баалоо үчүн маалыматтык тутумдар (календардык төгүмдөрдү төлөө, каржылык абалынын начарлоо ыктымалдыгын баалоо);
- кадр тутумун санариптештирүү.
Мындан тышкары, жыйында Жумушчу топтун учурдагы жетекчисинин жана жооптуу катчысынын ыйгарым укуктары узартылды