Алматыда 2024-жылдын 23-октябрында ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу топтун отуруму болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Алматыда 2024-жылдын 23-октябрында ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу топтун отуруму болуп өттү

23.10.2024 саат 16:30

Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары — ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучуларынын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун ишинин алкагында 2024-жылдын 23-октябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында он биринчи отуруму өттү. Аны Казакстандын Депозиттерге кепилдик берүү фонду уюштурду. Отурумга ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу боюнча бардык уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу агенттигинин жана Казакстандын Депозиттерге кепилдик берүү фондунун өкүлдөрү банктын убактылуу администрациясынын иштөө мезгилинде, аны жоюуда жана банкрот болгондо, ошондой эле иштеп жаткан банктарда маалыматтык кичи тутумдарды колдонуу темасында баяндама жасашты