Алматыда 2024-жылдын 22-октябрында Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча эксперттик топтун отуруму болуп өттү
Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун ишинин алкагында 2024-жылдын 22-октябрында Казакстан Республикасынын Алматы шаарында кезектеги жыйын болуп өттү. Аны Казакстандын Депозиттерге кепилдик берүү фонду уюштурду. Отурумга Евразия экономикалык комиссиясынын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн депозиттерди коргоо боюнча уюмдарынын, ошондой эле ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин каржылык жөнгө салуучуларынын өкүлдөрү катышты.
Эксперттик топтун отурумунун алкагында төмөнкү маселелер талкууланды:
- «Аманаттарды камсыздандыруу тутумунда банктардын мүчөлүгү» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
- «Аманаттарды камсыздандыруу тутумуна катышуучу-банктардын мүчөлүк акыларынын түрлөрү жана аларды аныктоо жана Депозиттерди камсыздандыруу фондуна төлөө тартиби» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
- «Аманаттарды камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумуна катышуучу банктардын мүчөлүк акыларынын өлчөмүн азайтуу жана/же мүчөлүк акыларды төлөөнү токтотуу мүмкүнчүлүгү» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
- «Депозиттерди камсыздандыруу фондунун максаттуу өлчөмү» эксперттик корутундусу (алгачкы ревизия);
- «Жоюлуп жаткан банктын активдерин башкаруу жана аларды сатуу» эксперттик корутундусу (кайра кароо);
- «”АКА” МКда ички контролдоо жана тобокелдиктерди башкаруу тутумдарынын иштеши боюнча эл аралык тажрыйбаларды колдонуу» доклады;
- «Терминдердин сөздүгү (глоссарий)» документи (кайра кароо);
- Эксперттик топтун 2025-жылга карата Иш планы.