Алматыда 2024-жылдын 23-октябрында Эл аралык конференция жана Жетекчилер кеңешинин отуруму болуп өттү
Казакстан Республикасынын депозиттерге кепилдик берүү тутумунун 25 жылдыгына арналган эл аралык иш-чаралардын алкагында, 2024-жылдын 23-октябрында Алматы шаарында Эл аралык конференция жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын Жетекчилер кеңешинин отуруму болуп өттү.
Иш-чараларды Казакстандын Депозиттерге кепилдик берүү фонду (КДКФ) уюштурду.
Эл аралык конференциянын катышуучулары каржылык коопсуздуктун туруктуу архитектурасын түзүүдө депозиттерди камсыздандыруучулардын ролун, ошондой эле депозиттерди камсыздандыруучулардын активдерин инвестициялык башкарууну талкуулашты.
Жетекчилер кеңешинин отурумунда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын башчылары банк секторундагы жана камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарындагы кырдаал жөнүндө маалымат алмашып, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин каржы рыноктору чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелерин, ошондой эле 2025-жылы күндүзгү жана сырттан өткөрүлүүчү иш-чаралардын пландарын талкуулашты.
Иш-чараларга ЕАЭБге мүчө-бардык мамлекеттердин жана Өзбекстан Республикасынын депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин каржылык жөнгө салуучуларынын, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышты.