Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун отуруму өттү
2024-жылдын 25-сентябрында видеоконференцбайланыш форматында Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан чыңдоо жана банкроттугу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) отуруму өттү.
Эксперттик топтун отурумунун жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү ишке ашыруу, ЕАЭБдин алкагындагы интеграциялык процесстер жана жалпы каржы рыногун түзүү маселелери талкууланды.
Отурумдун алкагында мурда бекитилген эксперттик корутундулардын ревизиялары макулдашылды:
- «Аманатчы ордун толтурууну алуу үчүн арыз берүүгө укуктуу болгон мөөнөт»;
- «Төлөмдүн башталуу мөөнөтү жана аманатчылардын реестрине жетүү мөөнөтү»;
- «Банктарды кайра уюштуруу учурунда өзүнчө камсыздандыруу (кепилдик) коргоосун белгилүү бир мөөнөткө узартуу механизмдери»;
- «Ордун толтурууну төлөө үчүн агент-банктарды тандоо».