IADIнин аймактык комитеттеринин Эл аралык конференциясы жана отурумдары 2024-жылдын 4-6-июлунда Тбилисиде (Грузия) өттү
2024-жылдын 4-6-июлунда Тбилисиде (Грузия) эл аралык иш-чаралар, анын ичинде «Депозиттерди камсыздандыруучулар жана банктарды жөнгө салуу: учурдагы абал жана келечектеги чакырыктар» темасындагы эл аралык конференция, Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясынын (ДКЭА, IADI) Евразия аймактык комитетинин (EARC) жылдык жыйыны жана Европа аймактык комитетинин (ERC) жыйыны болуп өттү. Эл аралык иш-чараларды Депозиттерди камсыздандыруучулардын эл аралык ассоциациясы Грузиянын Депозиттерди камсыздандыруу агенттиги менен биргеликте уюштурду.
Конференцияга 30 өлкөнүн депозиттерди камсыздандыруу боюнча уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Конференциянын жүрүшүндө банктардын кудуретсиздигин жөнгө салуу, банктарды реструктуризациялоо процессиндеги ыкмаларды колдонуу тажрыйбасы жана ДКЭАнын Евразия жана Европа аймактык комитеттерине мүчө-өлкөлөрдүн көзөмөл органдарынын чечим кабыл алуусуна депозиттерди камсыздандыруучулардын катышуусу маселелери каралды. Австриянын, Азербайжандын, Германиянын, Казакстандын, Түркиянын, Грузиянын жана Польшанын депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдарынын спикерлери тажрыйба алмашып, берилген тема боюнча талкууларды өткөрүштү.
Европа аймактык комитетинин жыйынында катышуучулар 2024-2026-жылдарга карата иш-аракеттер планын талкуулашты.
Евразия аймактык комитетинин жылдык жыйынында Армения Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Грузиянын, Түркиянын жана Монголиянын депозиттерди камсыздандыруу боюнча уюмдарынын жетекчилеринин бул өлкөлөрдөгү депозиттерди камсыздандыруу тутумдарынын өнүгүүсү тууралуу отчеттору угулду.
Армения Республикасынын Аманаттардын ордун толтурууга кепилдик берүү фондунун директору Эрмине Арутюнян, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев, ошондой эле Казакстандын Депозиттерге кепилдик берүү фондунун Төрагасынын орун басары Бота Акбаева катышуучуларга 2024-жылдын II чейрегиндеги алардын уюмдарынын ишиндеги негизги өзгөрүүлөр жөнүндө айтып беришти.
Армения Фондунан Эрмине Арутюнян ошондой эле Армения Республикасынын Борбордук банкы тарабынан демилгеленген, кудуретсиз банктарды жөнгө салуунун жаңы механизмдерин киргизүүгө жана жөнгө салуу процессинде Армения Фондунун ролуна тиешелүү мыйзамдагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Евразия аймактык комитетинин жыйынынын соңунда символду салтанаттуу түрдө өткөрүп берүү аземи болуп өттү: комитеттин кийинки жыйынын 2025-жылы уюштуруу укугу Казакстандын Депозиттерге кепилдик берүү фондуна берилди.
Эл аралык иш-чаралар учурунда 2024-жылдын 5-июлунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу боюнча бир нече меморандумга кол коюлду: Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Грузиянын Депозиттерди камсыздандыруу агенттигинин ортосунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги менен Түркиянын Аманаттарды камсыздандыруу фондунун ортосунда. Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюунун максаты депозиттерди коргоо жаатында маалымат алмашуу, кызматташтыкты бекемдөө жана ДКЭАнын мүчөлөрү менен биргелешкен иштерди жүргүзүү болуп саналат.
Маалымат үчүн: Депозиттерди камсыздандыруу боюнча эл аралык ассоциация (IADI) — бул депозиттерди камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдар, ошондой эле каржылык туруктуулукту колдоо тутумдарынын башка катышуучулары жана эл аралык каржы институттары аманатчыларды коргоо, банктардын кудуретсиздигин жөнгө салуу жана каржылык туруктуулук жаатындагы алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу үчүн бирге иштеген глобалдык форум. Учурда ага 98 мүчө (депозиттерди камсыздандыруучулар), 11 ассоциацияланган мүчө (борбордук банктар жана башка улуттук бийлик органдары) жана 17 өнөктөш (коммерциялык эмес улуттук жана эл аралык уюмдар) кирет. Казакстандын Депозиттерге кепилдик берүү фонду ДКЭАнын мүчөсү 2003-жылдан бери, Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги – 2013-жылдан бери, Армениянын Аманаттардын ордун толтурууга кепилдик берүү фонду – 2022-жылдан бери.