Россия Федерациясында 2024-жылдын 17-18-июлунда Эксперттик топтун жана Жетекчилер кеңешинин отурумдары өттү
2024-жылдын 17-18-июлунда Санкт-Петербург шаарында эл аралык иш-чаралардын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан чыңдоо жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) боюнча уюмдарынын Жетекчилер кеңешинин (мындан ары – Жетекчилер кеңеши) жыйындары болуп өттү.
Иш-чаралардын уюштуруучусу «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» мамлекеттик корпорациясы болду. Жыйындарга Евразия экономикалык комиссиясынын, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучуларынын жана жөнгө салуучуларынын, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын банктардагы жарандардын аманаттарын кепилдөө фондунун өкүлдөрү катышты.
Эксперттик топтун жыйынынын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү ишке ашыруу, ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер жана жалпы финансы рыногун түзүү маселелери талкууланды.
Жыйындын алкагында күн тартибиндеги төмөнкү маселелер талкууланды:
- «Камсыздандыруу объекттери» эксперттик корутундусу (кайра карап чыгуу);
- «Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү» эксперттик корутундусу (кайра карап чыгуу);
- «Камсыздандыруу учуру» эксперттик корутундусу (алгачкы карап чыгуу);
- «Төлөмдөрдү баштоо мөөнөтү жана аманатчылардын реестрине кирүү мөөнөтү» эксперттик корутундусу (алгачкы карап чыгуу);
- «Аманатчы камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн арыз берүүгө укуктуу болгон мөөнөт» эксперттик корутундусу (алгачкы карап чыгуу);
- «Банктарды бириктирүү жана кошуу учурунда камсыздандыруу коргоосун белгилүү бир мөөнөткө узартуу механизмдери» эксперттик корутундусу (алгачкы карап чыгуу);
- «Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө үчүн агент-банктарды тандоо» эксперттик корутундусу (алгачкы карап чыгуу);
- «Банктын банкрот болушуна тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана бул процессте депозиттерди камсыздандыруучунун ролу» эксперттик корутундусу (кайра кароо);
- «Депозиттерди камсыздандыруучунун жоюлуп жаткан банкка карата талап кылуу укугу (каражаттарды өндүрүү)» эксперттик корутундусу (кайра кароо);
- «Жоюлуп жаткан банктын активдерин башкаруу жана аларды ишке ашыруу (сатуу)» эксперттик корутундусу (алгачкы кароо);
- «Терминдер сөздүгү (глоссарий)» документи (кайра кароо).
2024-жылдын 18-июлунда Жетекчилер кеңешинин алкагында аманаттарды камсыздандыруу боюнча уюмдардын жетекчилери ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин банк секторлорундагы жана депозиттерди коргоо тутумдарындагы кырдаал тууралуу маалымат алмашышты, ошондой эле Шайкеш келтирүү боюнча эксперттик топтун жана Санариптештирүү, автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча жумушчу топтун иштеринин жыйынтыктарын талкуулашты.
Мындан тышкары, жыйында Бирликке мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучуларынын кызматкерлери үчүн практикалык семинарларды өткөрүү боюнча алдын ала макулдашууларга жетишилди