ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

ЕАЭБдин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму өттү

26.06.2024 саат 15:00

2024-жылдын 26-июнунда видеоконференцбайланыш форматында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу тобунун тогузунчу отуруму болуп өттү. Жумушчу топтун жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттиги» мамлекеттик корпорациясы (Россия Федерациясынын Агенттиги) жана Армениянын Аманаттардын ордун толтурууну кепилдөө фонду (Армения Республикасынын Фонду) онлайн арыз берүү жана камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө инструменттерин киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

Россия Федерациясынын Агенттигинин өкүлдөрү 2024-жылдын март айынан тарта аманат боюнча камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн арызды Россия Федерациясынын Агенттигинин сайтында же Россиянын «Мамлекеттик кызматтар» порталында аралыктан берүүгө болорун айтып беришти. Россия Федерациясынын Агенттиги каражаттарды аманатчынын арызында көрсөтүлгөн банктык эсептин реквизиттери боюнча которот, мында «Мир» төлөм системасынын карталарынын ээлери төлөмдү картанын номери боюнча ала алышат. Кызмат аманатчылардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү.

Армения Республикасынын Фондунун өкүлдөрү камсыздандыруу төлөмдөрүн жарым-жартылай автоматташтыруу үчүн сайт иштелип жатканын билдиришти, ал Армения Республикасынын Фонду менен агент-банктардын ортосунда аманатчыларга камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдө байланыш каналынын функциясын аткарат. Армения Республикасында камсыздандыруу төлөмдөрүн накталай түрдө же аманатчы көрсөткөн эсепке которуу жолу менен алууга болот.

Жумушчу топтун отурумунда Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын депозиттерди камсыздандыруу (кепилдөө) боюнча уюмдарынын өкүлдөрү да катышты