РФ Агенттиги жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартибин жөнөкөйлөттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

РФ Агенттиги жарандардын кайрылуулары менен иштөө тартибин жөнөкөйлөттү

06.06.2024 саат 12:12

2024-жылдын 4-июнунан тарта жоюлуп жаткан финансылык уюмдардын кредиторлору, карыз алуучулары жана аманатчылары «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АКА) мамлекеттик корпорациясына санариптик профилдин инфраструктурасын колдонуу менен онлайн кайрыла алышат.

АКАнын сайты аркылуу кайрылуу берүүдө, аларга минималдуу маалыматты киргизүү керек болот жана инсандыгын тастыктаган документти тиркөөнүн кажети жок. «Мамлекеттик кызматтар» порталындагы маалыматтарды колдонууга АКАга уруксат берүү жетиштүү.

Жаңычылдык Агенттиктин арыз ээсинин инсандыгын тастыктоону талап кылган көпчүлүк кызматтарына тиешелүү болот. Мисалы, банкты жоюу процесси жөнүндө суроо-талаптар, эсепти жабууга арыздар, даттануулар. Бул кредитордун талаптарын берүүнү жана кредиторлордун талаптарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камтыбайт.

Жөнөкөйлөтүлгөн схема боюнча азырынча жеке жактар кайрыла алышат. Юридикалык жактар үчүн ушундай эле мүмкүнчүлүк жакынкы арада пайда болот.

Буга чейин санариптик профилдин инфраструктурасын колдонуу менен АКАга жоюлуп жаткан банктардын карыз алуучулары гана карыздык милдеттенмелерди жөнгө салууга жана аскер кызматчылары менен алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кредиттик каникулдарга арыз берүү үчүн, ошондой эле карыздын калдыгы тууралуу суроо-талаптарды жана анын жоктугу жөнүндө маалымкатты алуу үчүн кайрыла алышкан.

Маалымат үчүн

Санариптик профиль — бул финансылык уюмдарга мамлекеттик маалымат тутумдарынан өз кардарлары жөнүндө маалымат алууга жана аларга кагаз документтерсиз кызмат көрсөтүүгө мүмкүндүк берген сервис. Мында маалыматтарды берүү кардардын макулдугу менен гана жүргүзүлөт, бул сервисти ишенимдүү, ыңгайлуу жана коопсуз кылат.

Мындан тышкары, «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АКА) мамлекеттик корпорациясына каалаган кайрылууга ыкчам жоопту «Мампочта» сервисинин жардамы менен алууга болот.

Бул ресурс мамлекеттик уюмдардан келген каттарды кагаз түрүндө эмес, электрондук түрдө алууга мүмкүндүк берет. Алар «Мамлекеттик кызматтар» порталындагы арыз ээсинин жеке кабинетине келип түшөт. «Мампочта» аркылуу келген жооп колдонуучуга e-mail же push-билдирүү менен коштолгону ыңгайлуу.

Сервиске кошулуу үчүн колдонуучу «Мамлекеттик кызматтардын» жеке кабинетиндеги «Мампочта» бөлүмүндө тиешелүү жөндөөлөргө өтүшү керек. Мында жөндөөлөрдө арыз ээси өзүнүн кайрылуусуна жооп жөнөтүүнү суранган дарек көрсөтүлүшү маанилүү.