Минск шаарында 2024-жылдын 22-23-майында Мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча эксперттик топтун отуруму өттү
Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан чыңдоо жана банкроттук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун ишинин алкагында 2024-жылдын 22-23-майында Минск шаарында, Беларусь Республикасы, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү, анын уюштуруучусу Беларусь Республикасынын «Жеке жактардын банктык аманаттарынын (депозиттеринин) ордун толтурууну кепилдөө боюнча агенттик» мамлекеттик мекемеси болду. Отурумуга Евразия экономикалык комиссиясынын, аманаттарды камсыздандыруу уюмдарынын, ошондой эле ЕАЭБге катышуучу-мамлекеттердин финансылык жөнгө салуучуларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мүчө-мамлекеттердин банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү ишке ашыруу, ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык процесстер жана жалпы финансы рыногун түзүү маселелери талкууланды. Тактап айтканда, төмөнкү темалар талкууланды: аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруучулардын башкаруу органдары; камсыздандыруунун объекттери жана субъекттери; камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү жана аманаттын валютасында төлөмдөрдү жүргүзүү; депозиттерди камсыздандыруучунун жоюлуп жаткан банкка карата талап кылуу укугу (каражаттарды өндүрүү); банктын банкрот болушуна тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана бул процессте депозиттерди камсыздандыруучунун ролу.
Жыйын бетме-бет режимде, ошондой эле катышуучулардын онлайн-кошулуусу аркылуу өттү.