Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө

08.04.2024 саат 16:43

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А. Жапаров 2024-жылдын 8-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө» жана «Көйгөйлүү карыз алуучулардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Министрлер Кабинетинин токтомдоруна кол койду.

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө» токтомунун (мындан ары – токтом) максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансы-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү карыз алуучулардын кайрылууларын кароо функциялары менен кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында депозиттерди коргоо тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерин «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2023-жылдын 14-декабрындагы №207 Мыйзамынын редакциясында) ылайык келтирүү болуп саналат.

Бул токтом менен Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин (мындан ары – Агенттик) мыйзамдарда белгиленген тартипте ага Банктарды жоюу боюнча агенттигин кошуу жолу менен кайра уюштуруу, ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамга ылайык депозиттерди милдеттүү коргоо тутумунун, банктарды жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюунун натыйжалуу ишин камсыз кылуу, ошондой эле көйгөйлүү карыз алуучулардын кайрылууларын кароо үчүн зарыл болгон функцияларды жана ыйгарым укуктарды камтыган «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө» жобону бекитүү каралган.

Ошондой эле, токтомго тиркелген Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жободо «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык депозиттерди милдеттүү коргоо тутумунун, банктарды жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюунун натыйжалуу ишин камсыз кылуу, ошондой эле көйгөйлүү карыз алуучулардын кайрылууларын кароо үчүн зарыл болгон Агенттиктин уюштуруу-укуктук формасы, ишин уюштуруунун негизги эрежелери, милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары аныкталган.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Көйгөйлүү карыз алуучулардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомунун (мындан ары – Жобо) негизги максаты жана милдети «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2023-жылдын 14-декабрындагы №207 Мыйзамынын редакциясында) менен белгиленген милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруу болуп саналат. Бул токтом Агенттиктин банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү карыз алуучуларынын кайрылууларын кароодогу ишин регламенттөө максатында кабыл алынган.

«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2023-жылдын 14-декабрындагы №207 Мыйзамынын редакциясында) ылайык, Агенттикке банктарды жана финансы-кредиттик уюмдарды жоюу жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү карыз алуучуларынын кайрылууларын кароо боюнча функциялар жүктөлөт.

Бул Жобо менен банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын көйгөйлүү карыз алуучуларынын кайрылууларын кароо тартиби жана жол-жобосу, Агенттиктин башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар менен өз ара аракеттенүүдөгү укуктары жана ыйгарым укуктары аныкталат.

Министрлер Кабинетинин бул токтомдору 12-апрелде жарыяланып, 2024-жылдын 24-апрелинен тартып күчүнө кирет.