Казакстан Республикасында банк лицензиясынан ажыратылган учурда ордун толтуруу төлөмү кантип жүргүзүлөт? – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Казакстан Республикасында банк лицензиясынан ажыратылган учурда ордун толтуруу төлөмү кантип жүргүзүлөт?

26.04.2024 саат 13:03

Өз аманаттарын банкка жайгаштырууда, аманатчы көп учурда өзүнө «Эгер кокустан бир нерсе болуп, банк лицензиясынан ажырап калсачы?», «Эгер ал банкрот болсо, менин акчамды ким жана кантип кайтарып берет?» деген сыяктуу суроолорду берет. Мындай суроолор аз эмес. Ошондуктан, бүгүнкү күндө Казакстанда депозиттерди коргоо тутуму иштээрин эстен чыгарбоо маанилүү. Ал банкта камсыздандыруу учуру (лицензиядан ажыратуу) келип жеткенде топтолгон каражаттардын кайтарылышын камсыздайт. Бул процессти Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду (КДКБФ) жөнгө салат.

КДКБФ ислам банктарын кошпогондо, жеке жактардын, анын ичинде жеке ишкерлердин депозиттерин тарткан бардык казакстандык банктарда жайгаштырылган каражаттарга кепилдик берет. Эгерде жөнгө салуучу банктын лицензиясын кайтарып алса, анда КДКБФ аманатчыларга аманаттарда, эсептерде, төлөм карттарында жайгаштырылган акчаларды кепилдик төлөмүнүн максималдуу суммасынын чегинде кайтарып берет:

  • теңгедеги сактык депозиттери боюнча – 20 млн теңге;
  • теңгедеги карттар, эсептер жана башка депозиттер боюнча – 10 млн теңге;
  • чет өлкөлүк валютадагы карттар, эсептер жана депозиттер боюнча – 5 млн теңге.

Бир банкта түрлөрү жана валютасы боюнча айырмаланган бир нече депозит жайгаштырылган учурда, камсыздандыруу учурунда ар бир аманаттын түрү боюнча лимиттерди эске алуу менен бардык депозиттер боюнча сумманын жалпы калдыгына кепилдик берилет. Мындай учурда кепилдик төлөмү ордун толтуруунун чектелген суммасынан – 20 млн теңгеден ашпайт.

Белгиленген максималдуу кепилдик суммалары депозиттерге кепилдик берүү тутумуна катышкан банктардагы жеке жактардын эсептеринин 99,8%ын толук өлчөмдө коргоону камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Эми, эгер банк лицензиясынан ажыратылса, кепилдик төлөмү кантип жүзөгө ашырылат:

  • ордун толтуруу төлөмүн алууга арыздарды кабыл алуу 35 жумушчу күндөн кечиктирбестен башталат. КДКФ банк лицензиясынан ажыратылган күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде республикалык басылмалар, өзүнүн расмий сайты жана ЖМК аркылуу калкка төлөмдөрдүн башталуу күнү, ордун толтурууну жүзөгө ашыруучу банк-агенттер, ошондой эле төлөмдөрдүн мезгили жана жайлары жөнүндө милдеттүү түрдө маалымдайт;
  • төлөм алууга арыздар бир жыл бою кабыл алынат. Эгерде аманатчылар ордун толтуруу үчүн кайрылбаса, анда алар тарабынан талап кылынбаган суммалар алардын Бирдиктүү жыйноочу пенсиялык фондундагы (БЖПФ) жеке эсептерине которулат. Буга карабастан, эгерде төлөмдөрдүн белгиленген мөөнөтү жүйөлүү себептер менен өтүп кетсе, аманатчылар төлөм алуу үчүн арыз берүүгө укуктуу экенин баса белгилей кетүү керек.

Бүгүнкү күндө КДКФ төмөнкүлөргө кепилдик берет:

  • сактык, мөөнөттүү жана мөөнөтсүз депозиттер (КДКФ классификациясына ылайык);
  • талап боюнча төлөнүүчү депозиттер;
  • шарттуу депозиттер;
  • турак жай курулуш сактык тутумундагы салымдар;
  • мамлекеттин сыйлыгы менен AQYL билим берүү салымдары;
  • учурдагы эсептердеги жана төлөм карттарындагы акчалар;
  • депозиттер боюнча чегерилген сый акы.

Өз кезегинде, төмөнкүлөр коргоого алынбайт:

  • жеке жактардын металл эсептери;
  • банктык ячейкаларда жайгаштырылган акчалар жана баалуулуктар;
  • депозиттик сертификаттар;
  • юридикалык жактардын депозиттери;
  • ислам банктарында, анын ичинде Казакстандын аймагында ачылган чет өлкөлүк ислам банктарынын филиалдарында жайгаштырылган депозиттер.

Банктарда өз аманаттарын коргоо үчүн өзүнчө келишим түзүүнүн кереги жок экенин баса белгилей кетүү керек. Акча каражаттары эсеп (аманат) ачылган учурдан тартып автоматтык түрдө КДКФ коргоосуна алынат.

«Дагы белгилей кетким келет, 2023-жылдын экинчи жарымынан тарта казакстандыктар банктык келишим түзүүдөн мурун өз эсебинин (аманатынын) негизги шарттарын көрө алышат. Алардын ичинде конкреттүү банктык продукт боюнча кепилдик төлөмүнүн максималдуу суммасы, анын түрү, валютасы жана каражаттарды алуу шарттары бар. Мындай маалымат кардардын кайрылуу ыкмасына карабастан (онлайн – мобилдик тиркеме/банктын сайты аркылуу, жазуу жүзүндө – анын бөлүмдөрүндө) банктык эсеп (аманат) келишимин түзүүдө кардар кол коё турган өзүнчө документте банктар тарабынан көрсөтүлөт. Биз демилгелеген жаңылыктар кардарлардын депозитти тандоого аң-сезимдүү мамиле кылуусуна жана анын кепилдик шарттарын түшүнүүсүнө жетишүүгө багытталган, бул аларга өз тобокелдиктерин алдын ала баалап, туура чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет».

КДКБФ төрагасы, Адил Утембаев

Эскерте кетсек, 2024-жылдын августунан тарта аманатчыларга ыңгайлуу болушу үчүн келишимге кол коюуда банктар кардарларга банктык эсептин же аманаттын негизги шарттары жөнүндө таблица түрүндө жана кабыл алууга ыңгайлуу формада маалымдоого милдеттүү болушат.

Депозиттер боюнча кепилдик, арыз берүү ыкмалары жана керектүү документтер жөнүндө толук маалымат Фонддун сайтында жайгаштырылган.