РФте аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүн эми онлайн алууга болот
2024-жылдын 19-мартынан тарта аманат боюнча камсыздандыруу төлөмүн алууга арызды «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АКА) мамлекеттик корпорациясынын сайтында же Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү порталынын («Мамкызматтар») жардамы менен аралыктан берүүгө болот.
Бул «Россия Федерациясынын банктарындагы аманаттарды камсыздандыруу жөнүндө» Федералдык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кириши менен мүмкүн болду.
Агенттик каражаттарды аманатчынын арызында көрсөтүлгөн банктык эсептин реквизиттери боюнча которот. «Мир» улуттук төлөм тутумунун карталарынын ээлери реквизиттерди көрсөтпөстөн арыз бере алышат. Каражаттар картанын номери боюнча которулат.
Кызмат аманатчылардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү.
Аралыктан төлөмдөрдү алуу форматы туура келбеген жарандар, мурдагыдай эле, ыйгарым укуктуу банк-агентке же АКА кеңсесине жеке кайрылуу аркылуу камсыздандыруу төлөмүн ала алышат.
Мындан тышкары, «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АКА) мамлекеттик корпорациясынын сайтында АКАга берилген кайрылуунун статусун текшерүүгө мүмкүндүк берген сервис иштей баштады.
Ал камсыздандыруу төлөмүн алууга арыздын, кредитордун талабын коюунун, маалымкат алууга суроо-талаптын жана башка кайрылуулардын статусун тактоого мүмкүндүк берет. Сервисти төмөнкү жолдор менен кайрылган жеке жана юридикалык жактар колдоно алышат:
- АКА сайты аркылуу;
- электрондук почта аркылуу;
- Россия почтасы аркылуу;
- АКА кеңсесине жеке кайрылуу аркылуу.