Казакстан Республикасында төлөмдү алуу үчүн аманатчы кандай документтерди тапшырышы керек?
Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду (КДКФ) өлкөнүн финансы системасынын туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт, ал депозиттерге кепилдик берүү системасына катышуучу банктардын (ислам банктарынан башка бардык казакстандык банктар) аманатчыларынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргойт. Катышуучу-банк бардык банктык операцияларды жүргүзүү лицензиясынан ажыратылган учурда, КДКФ анын аманатчыларына мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөhнөттө кепилдик төлөмүн төлөп берет.
Төлөмдү алуу процесси жөнөкөй жана ачык-айкын: КДКФке, анын ичинде ал тандаган агент-банк аркылуу тиешелүү арыз (КДКФ сайтында жайгаштырылган, ошондой эле агент-банктан алса болот) менен кайрылып, инсандыгын ырастоочу документти көрсөтүү жетиштүү.
Бирок аманатчы кепилдикти алуу үчүн жеке өзү кайрылууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурлар да кездешет. Мындай учурларда арыз менен төмөнкү жактар (арыз ээлери) кайрылууга укуктуу:
- ишеним кат боюнча аманатчынын өкүлдөрү;
- аманатчынын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энеси, бала асырап алуучу, камкорчу);
- аманатчылардын мураскорлору;
- кепилдик төлөмүн алууга укугу бар башка жактар.
Арыз ээлеринин ар бир категориясы үчүн төлөм арызына кошумcha түрдө ар кандай документтер талап кылынат.
Мисалы, ишеним кат боюнча аманатчынын өкүлдөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгön ишеним катты жана анын инсандыгын ырастоочу документти тиркеши керек.
Эгерде ишеним кат чет тилинде таризделсе, анда мамлекеттик же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгön котормосун тапшыруу керек. Зарыл болгон учурда, мындай ишеним катка апостиль коюу же консулдук легалдаштыруу да талап кылынышы мүмкүн.
Эгерде кепилдик төлөмүн алуу үчүн аманатчынын мыйзамдуу өкүлү (ата-энеси, бала асырап алуучу, камкорчу) кайрылса, башка документтердин топтому талап кылынат:
14 жашка чейинки жашы жете элек аманатчынын ата-энеси – депозити ачылган баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документти тапшырат (эгерде аманатчы 14-18 жашта болсо, ал ата-энесинин же алардын биринин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен өз алдынча кайрыла алат);
аманатчынын камкорчусу – арыз ээсинин инсандыгын ырастоочу документти, ошондой эле бала асырап алуу жөнүндө документтерди тапшырат. Эгерде жашы жете элек балага патронат түрүндө камкордук таризделсе, баланы тарбиялоого берүү жөнүндө камкордук жана көзөмölчүлүк органы менен түзүлгөн келишим, камкордукту (көзөмөлчүлүктү) белгилөө жөнүндө күбөлүк же башка ырастоочу документтер талап кылынат.
Эгерде төлөмдü аманатчынын мураскору ала турган болсо, анда анын мураска болгон укугун ырастоочу документтердин түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү (мураска укук жөнүндө күбөлүк) жана мураскордун инсандыгын ыraстоочу документ ырастоочу документ болуп саналат.
Эгерде арыз ээси аманатчынын депозити боюнча кепилдик төлөмүн алууга укугу бар башка жак болсо, анда кепилдикти алуу үчүн ал өзүнүн инсандыгын ырастоочу документти, ошондой эле анын төлөм алуу укугун ырастоочу документтерди (мисалы, соттун чечими) тапшырышы керек.
Төлөмдү төлөп берүү жөнүндө арыздарды кабыл алуу КДКФ төлөмдөрдүн башталгандыгы жөнүндө жарыялагандан кийин 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен башталарын жана 1 жыл бою жүргүзүлөрүн эстен чыгарбоо маанилүү. Төлөмдүн өзү арыз жана зарыл болгон ырастоочу документтер алынган күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.
Төлөмдөрдүн башталышы жөнүндө жарыя катышуучу-банк бардык банктык операцияларды жүргүзүү лицензиясынан ажыратылган күндөн тартып 30 жумушчу күндөн кечиктирилбестен жарыяланарын белгилей кетүү керек. Бирок, иш жүзүндө бул бир топ тезирээк ишке ашат – мисалы, 2020-2021-жылдардагы камсыздандыруу учурлары боюнча жоюлуп жаткан «Tengri Bank», «Asia Credit Bank (АзияКредит Банк)» жана «Capital Bank Kazakhstan» банктарынын аманатчылары өз каражаттарына 6-8 жумушчу күндүн ичинде эле жетишкен. Ошону менен бирге КДКБФ кепилденген каражаттарды ыкчам кайтарып берүү үчүн бардык уюштуруу иш-чараларынын тартибин алдын ала караштырган. Биз ошондой эле аманатчыларды төлөө мезгили жана орду, ошондой эле документтерге коюлган талаптарды түшүндүрүү менен кайрылуу жолдору жөнүндө бардык зарыл маалыматтар менен камсыз кылабыз.
Ошентип, ачык-айкын жол-жоболордун жана калкты өз убагында маалымдоонун аркасында, КДКФ Казакстандын финансы системасына карата туруктуулукка жана ишенимге өбөлгө түзүп, аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелерин ишенимдүү жана натыйжалуу аткарууну камсыз кылат. 2024-жылдын 1-мартына карата Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду тарабыnan лицензиясынан ажыратылган банктардын аманатчыларына 114,4 млрд теңге төлөнгөн.
Банк лицензиясынан ажыраtyлганда кепилдик төлөмүн төлөө жол-жоболору жөнүндө кеңири маалымат менен КДКБФ веб-сайтынан (www.kdif.kz) тааныша аласыз же 1460 акысыз номери аркылуу биз менен байланышсаңыз, ошондой эле info@kdif.kz электрондук почтасына суроо-талап жөнөтсөңүз же @kdif_ask.