«Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция өттү
Москвада «Ийгилик тарыхы: россиялык аманаттарды камсыздандыруу тутумуна 20 жыл» аттуу эл аралык конференция болуп өттү, аны «Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик» (АСВ) мамлекеттик корпорациясы уюштурду.
Иш-чарага мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин, банктык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү, 20 өлкөдөн, анын ичинде ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүнөн келген депозиттерди камсыздандыруучу уюмдар катышты.
Конференциянын негизги темасы аманатчылардын топтогон каражаттарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү болду.
«Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Россия Банкынын системалуу иши банк секторунда тең салмактуулукка жетишүүгө, тышкы соккулардын шартында россиялык каржы тутумунун туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берди. Бул Россия Федерациясынын каржылык эгемендүүлүгүнүн жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуунун шарты болуп саналат».
Россия Федерациясынын Каржы министринин орун басары, Алексей Моисеев
«АКА каржы секторунун туруктуулугун камсыз кылууга түздөн-түз катышат. Агенттик мындан ары да жаңы чакырыктарга натыйжалуу жооп берет деп ишенем».
Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрагасынын орун басары, Николай Журавлев
Россия Банкынын Төрагасынын биринчи орун басары Дмитрий Тулин коомдун банк тутумуна болгон ишенимин арттыруу үчүн аманаттарды камсыздандыруу тутумунун маанилүү ролуна көңүл бурду.
«20 жылдын ичинде аманаттар боюнча камсыздандыруу төлөмүнүн стандарттык чеги 10 эседен ашык өсүп, 1,4 млн рублге жетти. Бүгүнкү күндө мамлекеттин коргоосунда 60 трлн рубль суммасындагы аманаттар жана эсептер турат».
АКАнын башкы директору, Андрей Мельников
Өз кезегинде, Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев практикалык тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи:
«ЕЭК жана АСВ өкүлдөрүнүн үзгүлтүксүз өз ара аракеттенүүсүнүн жакшы практикасы калыптанды. Бул өз ара аракеттенүү жогорку практикалык мааниге ээ жана жалпы каржы рыногун түзүүдөгү эң актуалдуу суроолордун бирине – аманатчылардын коопсуздугуна жооп берет».
ЕЭКтин Экономика жана каржы саясаты боюнча министри, Бакытжан Сагинтаев
Иш-чара 2024-жылдын 31-январынан 1-февралына чейин өттү.