2026-жылы гармонизациялоо боюнча эксперттик топтун биринчи отуруму болуп өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

2026-жылы гармонизациялоо боюнча эксперттик топтун биринчи отуруму болуп өттү

30.03.2026 саат 13:16

2026-жылдын 26-мартында видеоконференция форматында Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетине караштуу Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан сактоо жана банкрот кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун кезектеги жыйыны өттү.

​Жыйындын жүрүшүндө Эксперттик топтун мүчөлөрү:

  • Эксперттик топтун 2026-жылга карата Иш планын толуктап иштеп чыгышты;
  • 2026-жылдагы эксперттик корутундуларды кайра карап чыгуу (ревизиялоо) планын макулдашты;
  • ​2026-жылдын 13-14-майында Минск шаарында (Беларусь Республикасы) өтө турган Эксперттик топтун жыйынынын күн тартибин макулдашты;​
  • ​2026-жылы Эксперттик топтун Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетине караштуу финансы чөйрөсүндөгү Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү маселелери боюнча Жумушчу топтун банк сектору боюнча подгруппасы менен өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.