Москвада ЕАЭБ өлкөлөрүнүн депозиттерди камсыздандыруучуларынын эл аралык иш-чаралары өттү
Эксперттик топтун жыйыны – Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары – ЕАЭБ) аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, каржылык жактан сауыктыруу жана банкроттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Евразия экономикалык комиссиясынын Финансы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин алдындагы жыйын 2025-жылдын 9-10-декабрында болуп өттү.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн депозиттерди камсыздандыруучуларынын өкүлдөрү аманаттарды камсыздандыруу тутумдарына карата талаптар чөйрөсүндө Бирликке мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштарды бекитишти, бул ЕАЭБдин жалпы каржы рыногун калыптандыруу жолундагы маанилүү чек болуп саналат.
Жыйындын катышуучулары төмөнкү эксперттик корутундулардын долбоорлорун кайрадан карап чыгышты:
– “Аманаттарды камсыздандыруу тутумундагы тобокелдиктерди башкаруу, аманаттарды камсыздандыруу тутумун стресс-тестирлөө” (баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги);
– “Депозиттерди камсыздандыруучунун ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу тутуму” (баяндамачы – Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги);
– “Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) уюмундагы процесстик башкаруу жана ички контролдоо тутуму” (баяндамачы – Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги).
Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары депозиттерди камсыздандыруу чөйрөсүндөгү эл аралык документтерди текшерүү жөнүндө айтып беришти:
– ДКЭА (IADI) принциптеринин жаңы редакциясы (баяндамачы – Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду);
– ЕБ директиваларынын жаңы редакциялары (баяндамачы – Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги).
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу уюмдарынын Жетекчилер кеңешинин жыйыны 2025-жылдын 10-декабрында болуп өттү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Өзбекстан Республикасынын депозиттерди камсыздандыруучуларынын жетекчилери банк секторундагы жана аманаттарды камсыздандыруу тутумдарындагы абал боюнча маалымат алмашышты.
Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу агенттигинин өкүлдөрү Евразия экономикалык комиссиясынын жана ЕАЭБ мамлекеттеринин депозиттерге кепилдик берүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог үчүн аянтча катары кызмат кылган депозиттерди коргоо жөнүндө маалыматтык порталды өркүндөтүү тууралуу айтып беришти.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучуларын санариптештирүү чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун жыйыны 2025-жылдын 10-декабрында болуп өттү.
Армениянын аманаттарды төлөп берүүгө кепилдик берүү фонду жана Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги депозиттерди камсыздандыруучуларды санариптештирүү темасы боюнча IADI жана EFDI басылмалары жөнүндө баяндамаларды сунушташты.
Тегерек стол форматында катышуучулар депозиттерди камсыздандыруучулардын ишине жасалма интеллект технологияларын киргизүү келечегин жана электрондук төлөмдөр шартында агент-банктардын келечегин талкуулашты.
Мындан тышкары, Жумушчу топтун 2026-жылга карата Иш планын талкуулоо болуп өттү.