Санариптештирүү боюнча жумушчу топтун 2025-жылдагы төртүнчү отуруму өттү – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Санариптештирүү боюнча жумушчу топтун 2025-жылдагы төртүнчү отуруму өттү

21.10.2025 саат 14:24

2025-жылдын 21-октябрында видеоконференц-байланыш форматында Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аманаттарды камсыздандыруучуларынын ортосундагы санариптештирүү чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун он алтынчы отуруму болуп өттү.

Отурумдун катышуучулары аманаттарды камсыздандыруу уюмундагы кадрдык тутумду санариптештирүү маселелерин талкуулашты. Россия Федерациясынын Аманаттарды камсыздандыруу агенттигинин өкүлдөрү кадрдык электрондук документ жүгүртүү тутумун киргизүү боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

Мындан тышкары, Жумушчу топтун мүчөлөрү кийинки отурумдун күн тартибин талкуулашып, Жумушчу топтун 2026-жылга карата иш планын иштеп чыгууну макулдашышты.