2025-жылдын октябрында шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун отурумдары өттү
2025-жылдын 15, 16 жана 23-октябрында видеоконференция форматында Евразия экономикалык комиссиясынын Финансылык рыноктор боюнча консультативдик комитетинин алдындагы Евразия экономикалык бирлигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан сауыктыруу жана банкроттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча Эксперттик топтун (мындан ары – Эксперттик топ) кезектеги отурумдары болуп өттү.
Эксперттик топтун отурумунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин калктын аманаттарын (депозиттерин) камсыздандыруу (кепилдик берүү) тутумдарынын иштешине карата мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштардын долбоорунун төмөнкү пункттары каралды жана бекитилди:
- 4-глава. Аманаттарды камсыздандыруу тутумунун каражаттарын пайдалануунун булактары жана багыттары;
- 5-глава. Аманаттарды камсыздандыруу тутуму жөнүндө коомчулукка маалымдоо