Жумушчу топ – ЕАЭБ маалыматтык порталы Депозиттерди коргоо жөнүндө

Жумушчу топ

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдардын маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү маселелери боюнча Тегерек столдун 2022-жылдын 6-декабрындагы №1 Протоколуна ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин Депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын жетекчилеринин Кеңешинин алдында санариптештирүү, автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтун биринчи отуруму 2023-жылдын 28-февралында видеоконференция форматында болуп өттү. 2023-2026-жж. аралыгында 22 отурум болуп өттү жана 23 тема каралды (2026-жылдын 9-сентябрь, карата).

Жумушчу топ ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдардын ишинде санариптештирүү, автоматташтыруу жана маалыматтык технологиялар багыты боюнча аналитикалык жана методологиялык иштерди жүргүзөт, өз ара аракеттенүүнү өнүктүрөт жана маалымат алмашууну камсыз кылат.

Вопросы, рассмотренные на заседаниях Рабочей группы

№
п/п
Тема Страна,
подготовившая доклад
Дата
рассмотрения
1. Интернет тармагына жеткиликтүүлүктү уюштуруу Россия Федерациясы 28.02.2023
2.

Депозиттерди коргоо тутумуна карата маалыматтык коопсуздуктун учурдагы талаптары

Беларусь Республикасы 14.06.2023
3.

Артыкчылыктуу жеткиликтүүлүктүн корголушун камсыздоо

Казакстан Республикасы 14.06.2023
4.

Маалыматтардын агып кетишин алдын алуунун жана коркунучтардан коргоонун
эң натыйжалуу ыкмасы катары нөлдүк ишеним архитектурасы

Россия Федерациясы 14.06.2023
5.

Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдардын
ишиндеги машиналык окутуу жана нейрон тармактар

Кыргыз Республикасы,
Россия Федерациясы
14.09.2023
6. Борбордук банктардын санариптик валюталары: пландар жана келечектери Россия Федерациясы,
Беларусь Республикасы,
Казакстан Республикасы
14.09.2023
7. IT-процесстерди уюштуруу: милдетти коюудан аны ишке ашырууга чейин Казакстан Республикасы ,
Армения Республикасы,
14.09.2023
8. Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) боюнча уюмдун
адистештирилген программалык камсыздоосу: даяр чечимдер же жеке иштеп чыгуу
Кыргыз Республикасы,
Россия Федерациясы
14.09.2023
9. Электрондук документ жүгүртүү: уюмдун ичинде жана контрагенттер менен Россия Федерациясы,
Казакстан Республикасы ,
Кыргыз Республикасы,
20.03.2024
10. Электрондук документ жүгүртүү тутумунун милдеттерин ишке ашыруу
үчүн Tessa платформасын колдонуу
Россия Федерациясы 17.04.2024
11. Кайтарым төлөмдү алууга онлайн арыз берүү куралдары, камсыздандыруу төлөмүн онлайн
төлөп берүү, аманатчы-арыз ээлерин идентификациялоо ыкмалары
Россия Федерациясы,
Армения Республикасы
26.06.2024
12.

Корпоративдик маалыматтар сактагычынын (КМС) архитектурасына карата ыкмалар,
аманаттарды камсыздандыруу боюнча уюмдун кардарлары жана кызмат көрсөтүүлөрүн
керектөөчүлөр менен санариптик коммуникациялардын бирдиктүү платформаларын пайдалануу

Россия Федерациясы 14.08.2024
13.

Маалыматтарды башкаруу: MDM, кардардын санариптик профили, маалымат домендерин башкаруу

Россия Федерациясы 14.08.2024
14. Банктын убактылуу администрациясынын иши, аны жоюу жана банкроттукка учуратуу
мезгилинде, ошондой эле иштеп жаткан банктарда маалыматтык кичи тутумдарды пайдалануу
Россия Федерациясы,
Казакстан Республикасы
23.10.2024
15. Электрондук кызматтардын жеткиликтүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо. Кызмат көрсөтүү деңгээли Кыргыз Республикасы,
Россия Федерациясы
19.02.2025
16. Кайтарым төлөмдү онлайн төлөө Беларусь Республикасы,
Россия Федерациясы
23.04.2025
17.

Депозиттерди камсыздандыруучунун ишиндеги жасалма интеллект технологиялары: алгачкы долбоорлор

Россия Федерациясы 23.04.2025
18. Агенттиктердин максаттары үчүн банктардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнүн абалын талдоо,
тобокелдиктерди аныктоо жана баалоого арналган маалыматтык тутумдар (календардык
төгүмдөрдү төлөө, финансылык абалынын начарлоо ыктымалдыгын баалоо)
Беларусь Республикасы 13.08.2025
19. Кадрдык иш жүргүзүүнү санариптештирүү Россия Федерациясы 21.10.2025
20. Депозиттерди камсыздандыруучуларды санариптештирүү темасы боюнча IADI/EFDI басылмалары. Армения Республикасы, Кыргыз Республикасы 10.12.2025
21. Депозиттерди камсыздандыруу системасы жөнүндө коомчулукка маалымат берүүнүн санариптик жолдору жана каражаттары Кыргыз Республикасы
Россия Федерациясы
31.03.2026
22. Милдеттенмелердин, кредиторлордун талаптарынын реестрлерин даярдоо системаларынын сереби, аларды даярдоо, тууралыгын текшерүү. Банктар же убактылуу администрация тарабынан аманатчылардын реестрлерин түзүү процесси жана аларды текшерүү, тууралоо жана реестрдеги идентификациялык маалыматтарды актуалдаштыруу Беларусь Республикасы,
Россия Федерациясы
24.06.2026
23. Ресурстук камсыздоо – outstaffing жана outsourcing (милдетти чечүү зарыл болгон учурда тиешелүү квалификациядагы кызматкерлер жок болгондо «кадрдык тартыштыкты» жеңүү жолдору) Кыргыз Республикасы,
Россия Федерациясы
13.08.2026